Метка: жыгач

ҮЙ ЖЫГАЧТАРЫНЫН ЖЕРДИГИ

Элдик мүлк боз үйдүн сөөгү, буюмдун негизги бөлүгү. Буга карата үйдүн көлөмү аныкталат. Үй жыгачынын жердигинин бири тал болот. Мунун бир нече түрлөрү бар. Жыгаччылар алардын ич ара касиеттерин таасын билишет. Айталы, ак тал өтө бышык келет. Көл башында жана

Кененирээк окуу

ЧАРПИЯ (СУПА)

ЧАРПИЯ (СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу

Кененирээк окуу

ҮШКҮ

ҮШКҮ — жыгач усталардын негизги аспабы. Чеберлер буга жумуру жыгач саптайт. Учу миздүү болот. Муну менен уук баштарын, кереге көздөрүн көзөйт. Кобул салгычтын төрт-алты тиши бар. Алардын аралыгы үч мм ге барабар. Кичине үшкү төрт тиштүү, чоң үшкү алты тиштүү

Кененирээк окуу

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ

ЖЫГАЧ ОЮМДАРЫ— Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускалары азыркы муундарга эң эле аз

Кененирээк окуу

ЖЫГАЧЧЫЛЫК

ЖЫГАЧЧЫЛЫК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Ар бир жыгачтын өзүнүн өзгөчөлөнгөн касиеттерин чеберлер мыкты билишет. Алардын ичинен өрүк жыгачы катуу келет. Бул темирдин болоту сыяктуу чорт сынма болот. Жыгачтын курчу ушул өрүк бычакты да майтарат. Эгер ошондой жоондугу

Кененирээк окуу

ЖЫГАЧ УСТА

ЖЫГАЧ УСТА (жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну,

Кененирээк окуу

ЖАН АЯК

ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот.

Кененирээк окуу