Метка: зер

КҮМҮШ БАЛКА

«Балкасы менен зер чапкан, Бармагы менен мал тапкан» (макал). Бул — зергерлердин аспабы. Муну менен күмүштү темир бетине чабат, жашытылган күмүштү сомдойт жана ийет. Анын сабы сыйда, кармоого эптүү, күмүштү чабууга элпек, жеңил болуп, түспөлү ар кандай көрүнөт. Эки тарабы

Кененирээк окуу

КҮБӨК

«Эңкейсең эрке чайпалган, Күбөгүңдү сагындым» (Аалы). Бул — зер буюму. Күбөктүн узундугу 80 см болот. Мунун эки өрүм чачка тагыла турган эки бөлүктөн зер шөкөттөрү бар. Анын ар биринде аралары мончоктолгон тоголок күмүш чыйрак жиптерден турган чаян түйүштөрү тизмектешет. Конус

Кененирээк окуу

ЗЫМ ТАРТКЫЧ

ЗЫМ ТАРТКЫЧ — Зергердин куралы, аспабы. Бул — күмүш, жез сыяктуу ийилгич заттардан ар кандай жоондукта зымдарды чоюп жасоо. Зергерлер муну жасоонун төмөндөгүдөй ыкмаларын жүзөгө ашырышат. Күлбото болуп ийленген чопо топурактан жан аяктай чакан калып жасалат. Анын түбүндө ар кандай

Кененирээк окуу

ЗЕРГЕР

«Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» (макал). Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек, Сөздүн төркүнү зер жасалгалары жөнүндө бара жатат. «Кулактары

Кененирээк окуу

ЖЕЗ

«Алтын, күмүш, жез, калай, түрдүү нефти кенге бай» (Калык). Бул — зергерчиликтин жердиги, сары түспөлүндөгү металл. (Сары жезди зергерлер даана «жез», кызгылт сарыны «мис» дешет. Жез дегенде сары жезди түшүнөбүз.) Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, үзөңгү, камчы), салттуу

Кененирээк окуу

БИЛЕРИК

«Кош билерик, кош шакек, оң колуңа сала кет» (Тоголок Молдо). Бул — зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун

Кененирээк окуу