АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ ЖАНА КҮМБӨЗҮ
АЛМАМБЕТТИН КАБЫРЫ (кабырканасы)— Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген жериндеги эски моло дөбө. Эл оозунда мындай деп айтылат: «Манас Чоң казатта чоролорун Шыпшайдардын огуна учурганда, Алмамбет дагы мерт болот. Ошондо Алмамбеттин сөөгүн Саралага артып, ай талаада карга-кузгун, ит-кушка жем болбосун деп жөнөтүп жиберет.
Кененирээк окуу