Метка: кийим

ЧАПАН

«Туугандыгын билгизип, Тукабадан сарпай кийгизип». («Манас») («Сарпай» — «чапан» деген түшүнүктү берет.) Бул — сырт кийимдин бир түрү. Чапандын жердиги башайы, сатин, нооту, бөз, мата, трайке өңдүүлөрдөн тандалат. Жеңи менен бою бир бычылган ага жүн, кебез салып, жука кездемелерден ичтелет.

Кененирээк окуу

ТОПУ

«Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул — тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген. Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү

Кененирээк окуу

ТОН (Бостон)

«Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын

Кененирээк окуу

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк

Кененирээк окуу

ӨТҮК

ӨТҮК (кете, мөкү, көк жеке) — сыйда бут кийим. Кош оймолуу, көк жалдуу, булгаары өтүк, миз таман. «Өкчөсү карыш «көк жеке» Оймо така ичинде, Алтындан кылган жылаажын. Кош коңгуроо жеке сан. Козголсо үнү шыңгырап», («Манас»). («Манас» жана «Семетей» эпосторунда көк

Кененирээк окуу

МААСЫ

МААСЫ — өкчөсү жок, чулгоо оролуп кепич менен кийилүүчү кончтуу, жеңил бут кийим. Мунун жасалышына, жердигине карай «намеркан маасы», «кыром маасы» деген түрү бар. Алар оң жана сол бутка ылайыкталып, айырмалуу (эки жактуу) жана эки бутка бирдей (бир жактуу) тигилген.

Кененирээк окуу

МАЛАКАЙ

«Малакайы алтындан, Бардашы журттан артылган» («Манас»), Бул — элдик баш кийимдин бир түрү. Көбүнчө карыялар кийишкен. Уктаарда кийип жатканда башты жылуу сактаган. Ал өңдөлгөн (бордолгон), ышкын түпкө, анарга жана башка өсүмдүктөргө боёлгон түктүү териден аңтара тигилет. Малакайдын көрпөдөн бир-эки элидей

Кененирээк окуу

АКОЛПОК

АКОЛПОК — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый

Кененирээк окуу

БЕЛДЕМЧИ

«Кызыл, көк көчөт келтирип, Кыпча белге кынаптап, Кыз бурак сенин белдемчиң» (эл ыры). Бул — аялдардын бел-ылдый тартынуучу кийими. Анын жердиги тас баркыт, чий баркут, нооту, трайке, лампук өңдүү кездемелерден болуп, этеги көйнөктөй жазы, жогору жагы белге тыкандалып кыпчаланып, ага

Кененирээк окуу

КЕПИЧ

КЕПИЧ — кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы

Кененирээк окуу