Метка: кыргыз

«ЖАҢЫЛ МЫРЗА» тууралуу

Кыргыз эпосу өтө бай жана кеңири тараган жанр. Оозеки адабияттын бул жанры бир нечеге бөлүнөт, алар — мифтик, баатырдык, турмуштук-социалдык эпостор. Булардын арасынан кыргыздын көчмөн турмушуна жараша баатырдык эпос кеңири таралган жана өзүнүн сюжетинин ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Ал эми

Кененирээк окуу

ЧЕЧЕНДИК ӨНӨР

Чечендик өнөр адамзаттын сөз өнөрүнүн, тил маданиятынын төрүнөн орун алган. Кепти керек жерде кереметине чыгара сүйлөгөн — чечендер дүйнө жүзүндөгү ар элде кездешет. Абалтадан айтылын келаткан «өнөрдүн алды — кызыл тил» деген сөз, ириде дал ушул чечендикке тиешелүү. Чечен сөздөр

Кененирээк окуу

ТАРЫХЫЙ ЫРЛАР

Тарыхый ырлардын эң башкы темасы эл-жерди коргоо болуп эсептелет. Башкы каарман эл башына түшкөн кыйынчылыкты жан дүйнөсү менен кабыл алып «эр жигит эл четинде, жоо бетинде» деген адамдык милдетин абийирдүүлүк менен аткарат. Тарыхый ырларда мамлекеттин тарыхы чагылдырылып, ошол тарыхый окуяларга

Кененирээк окуу

«КАРАЧ ДӨӨ» тууралуу

«Карач дөө» жөө жомок түрүндө жашап, 1939-жылы биринчи жолу К. Акиев тарабынан ырга айландырылган. Көлөмдүү, 4700 ыр жолдон турат. Бул маалымат акындын эскерүүсүндө орун алып: «Бардык эле акындар жомокту ырга салып айтып жүрүшчү эле. Мен да бул жомокту ырга айландырдым»,—

Кененирээк окуу

ДИДАКТИКАЛЫК ЧЫГАРМАЛАР

Дидактика гректердин (Ийасисоз — «үлгү болорлук», «сабак болорлук» деген сөзүнөн алынган. Аталышы көрсөтүп тургандай эле адамды адамкерчиликке, ыймандуулукка, адеп-ахлакка үндөгөн акыл-насыят түрүндөгү чыгармалар жатат. Дидактикалык тек өз кучагына көп жанрларды камтыйт. Кыргыз фольклорунда башка элдерде анча учурай бербеген санат насыят,

Кененирээк окуу

ТЕРМЕ ЫРЛАР

Терме ырлар адамдын аң-сезиминде чагылган, турмушта таразаланган, баамга урунган бардык көрүнүштөрдүн, салт, нускалардын терип, тепчилип, термеленип ырга салынышы, «Терме» деген аталыш ошондон келип чыккан. Терме ырлар адамдарга, айрыкча жаштарга насааттуу келип, дидактикалык чыгармалардын катарына кирип, санат-насыят, үлгү ырларынын бир бутагын

Кененирээк окуу

«КЕДЕЙКАН» тууралуу

«Кедейкан» кыргыздардын эчен жолку оош-кыйыштуу күндөрдү башынан өткөргөн узак тарыхынын опурталдуу бир учурун камтыган күчтүү эпосторунун сабында турат. Чыгарманын: «Илгери өткөн заманда кыргыз эли катуу ачарчылыкка учурап, алдуусу тентип-тербип оокат таап, алсыздары кайың саап, кыздары шимүүр шимип, эл жардылыктан итке

Кененирээк окуу

ДИН ЫРЛАРЫ

Диндик ырлардын элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү — аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот жана ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгөлөрдүн аткарылыш процессинде ырдалат. Айрым диндик ырлардын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору жана атайы

Кененирээк окуу

ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТ САЛТЫ

Ар бир элдин каада-салты, үрп-адаттары жана ырымжырымдары бар. Каада-салт, үрп-адаттар нечен кылымдардын жана муундардын традициялык көрүнүшү болуп саналат. Коомдун прогресси жана элдин психологиялык менталитетинин эволюциясы кайсы элдин болбосун традицияларына өзгөрүүлөрдү, жаңыланууларды алып келет. Каада-салт, үрп-адаттар ар бир элдин басып өткөн

Кененирээк окуу

«КЫЗ САЙКАЛ» тууралуу

«Кыз Сайкал» эпосунда окуя тээ алыстан башат алып, нойгут уруусунан чыккан Карача кандын кытай, калмактан келген жоолордон элин сактап, чеп куруп, жоокер курап, хандык милдетин адал моюндаганын баяндоодон башталат. Чыгармада элдин бирде тынч, бейпил, бирде чаңы асманга сапырылган согуштук жоокерчилик

Кененирээк окуу