КҮМҮШ ЖАЛАТУУ
КҮМҮШ ЖАЛАТУУ (ширетүү) — Зергерликтин бир ыкмасы. Бул — күмүштү иштетүүнүн жөнөкөй, бирок негизги түрү. Адегенде күмүштү жашытуу зарыл. Бул үчүн зергерлер күмүштү темир бетине чабуудан мурун аны отко кармап, улам тап менен жашытып, үлбүрчөктөй жукартат. Ансыз ал талаптагыдай чыңалбайт.
Кененирээк окуу