КӨӨКӨР
«Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан.
Кененирээк окуу