Метка: Манас

ЧОҢ КАЗАТ

ЧОҢ КАЗАТ — эпостогу негизги өзөк окуялардын бири. Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод, эпостун окуяларынын жалпы өнүгүшүндөгү кульминациялык чек. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат» делет. Эпостогу элге өзгөчө кеңири белгилүү эпизод

Кененирээк окуу

«МАНАС» эпосу

«МАНАС» ЭПОСУ – мааниси,  эл турмушунан алган орду жактан кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз тарыхта аты белгилүү  болгон  үч миң  жылдан ашуун убактан бери басып  өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын, билгендери менен тажрыйбасында топтолгондордун алгылыктууларын, башынан кечирген  өйдө-ылдыйлуу окуялар жөнүндөгү  маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан алтын казынанын милдетин

Кененирээк окуу

МАНАСЧЫЛАР

Манасчы — адабияттык термин маанисине ээ болгон сөз. Терминдин маңызы — кесипчиликтин өзүнчө бир түрүн түшүндүрүп, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосун жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп, биздин учурубузга чейин алып келген, аны бүгүнкү көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген элдик таланттарга карата

Кененирээк окуу

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«Семетей» — кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал айтылуу «Манастын» уландысы эсептелип, үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү катары Манас баатырдын уулунун ысымы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан» кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиш стили жактан элдик

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ                       

Кыргызстандын маданияты менен «Манас» эпосун изилдөөчүлөрдүн алдында турган көптөгөн маселелердин ичинде эпостун аты аталган каармандын — Манас баатырдын ысымы жөнүндөгү маселе акыркы орунда турбайт. Биздин көз карашыбызча, эпикалык каармандын ысымы жөнүндөгү маселе кыргыздардын Тянь-Шанга ооп келиши (биз алардын массалык түрдө

Кененирээк окуу

«СЕЙТЕК» ЭПОСУ

«СЕЙТЕК”  эпосу  өткөн кылымдарда эле «Манас”  үчилтигинен  үзүндү-лөр кагаз бетине түшүргөн жана  бастылып чыгарган академик В. В. Радлов (1869-ж.) эл арасында Манас баатырдын  өзү  эле эмес, небереси Сейтек жөнүндө  да айтылаарын кабарлаган эле. Анын жыйнаган материалында «Сейтек” өзүнүн көлөмүнүн чакандыгына карабастан, (506 сап ыр эле)  сюжеттик схемасы боюнча  бүгүнкү колдо турган

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН ТУУЛГАНЫ

Манастын туулганы — эпостун варианттарынын бардыгында кездешүүчү туруктуу эпизоддордон. Чыгарманын сюжеттик курулушунда негизги окуялардын башталыш түйүнүнүн милдетин аткарат. Атайын тема коюлуп, өзүнчө бөлүм катары айтылышы (Сагымбай Орозбаковдун варианты), же жалпы тема менен эле берилиши да мүмкүн (Саякбай Каралаевдин варианты, Радлов жазып

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ

МАНАСТЫН КАНЫКЕЙДИ АЛГАНЫ — эпостун варианттарынын дээрлик бардыгында бар туруктуу салттык чоң эпизод. Баатырдын салтка ылайык үйлөнүүсү, айрыкча баатырдык үйлөнүү эпостордогу кеңири белгилүү, терең иштелип чыккан салттык сюжеттерден. Эпосто Каныкей Манастын өзүнөн кем эмес, айрым учурда жогору бааланган образдардын бири болгондуктан

Кененирээк окуу

МАНАСТЫН КАН ШАЙЛАНЫШЫ

Манастын кан шайланышы — эпостун бардык белгилүү варианттарында бар туруктуу сюжеттердин бири, салт боюнча баатырдын балалык, өспүрүм курагынын бүткөн чеги катары эсептелет, сюжеттин орчундуу түйүнү. Жакыпка канатташ жашап, ынтымагы бир жамаатташ болгон Алтай тоосунун арасындагы казак, кыргыз, алчын, үйшүн, найман, аргын,

Кененирээк окуу