Метка: Манас

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (1928, Фрунзе, Сокулук району, Саз айылы) — адабиятчы, адабий сынчы, филология илимдеринин доктору (1991), «Манас» эпосунун китебин түзүүчү. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн (1950). 1953жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кенже илимий, 1955-жылдан улук илимий кызматкер, 1956-жылдан директордун орун

Кененирээк окуу

АСАНБАЕВ Мамбет

АСАНБАЕВ Мамбет (1939, Сокулук району, Жал айылы) — кыргыз драма театрынын артисти. Кыргыз ССРннин эмгек сиңирген артисти (1987). Эмгек жолун 1963-ж. Ташкендеги театрдык институтту бүтүргөндөн кийин Кыргыз драма театрында иштөө менен баштаган. Ал көптөгөн драмалардан оң жана терс каармандардын ролдорун

Кененирээк окуу

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ

АРТЫЛЫШТЫН-БЕЛИ — топоним. Ат-Башы кыштагынан 35 км түндүк-батышта, Кара-Коюн өрөөнүнөн Чаптуу-Жерге ашкан бел. Белдеги эски көрүстөндүн жанында «Манастын таш тулгасы» — деп аталган үч кызыл тоголок таш бар. Бул жөнүндө мындай уламыш бар: «Манас жигиттери менен Кошой-Тоодогу ордодон келе жатып

Кененирээк окуу

АРЫП

АРЫП (арабча тамга) — сыйкырлап дуба окуп көз байлоо, кубултуу. Арабдардын диний жана көбүн эсе элдик оозеки чыгармалары (мисалы, «Миң бир түн» тибиндеги жомоктору) аркылуу кирген термин. Ал байыркы кыргыздардын магиялык көз карашындагы кубулуучулук жөнүндөгү түшүнүгү менен контаминацияланган. Ушуга байланыштуу

Кененирээк окуу

АРУУКЕ

АРУУКЕ — кейипкер, Алмамбеттин аялы. Анын теги кайып, периге байланыштырылып, Сагымбай Орозбаковдун вариантында кайберендердин каны Байыңдын кызы делсе, Саякбай Каралаевдин вариантында Агынай кызы А. Каныкейдин сиңдиси. Ал өзүнүн аярлыгы, сыйкырчылыгы менен Айчүрөктүн образына жакын. А. да — «Кожожаш» эпосундагы Суречкинин

Кененирээк окуу

АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ

АЛЫМЖАН СЫРДЫБАЙ УУЛУ (1932, Токтогул району, Көдүл айылы) — семетейчи. «Семетей» айтууну атасынан үйрөнгөн. Атасы «Семетей» дастанынан Семетейдин төрөлгөнүнөн тартып анын Чынкожо менен Толтойду жеңгенге чейин айткан. А. Айчүрөктүн Семетейди издеп чыгышынан ал алып кеткен Акшумкардын артынан барып, Семетей Айчүрөккө

Кененирээк окуу

АРМАН

АРМАН — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында лирикалык ырлардын бир түрү. Манас эпосунда А. каармандардын кулк-мүнөзүн, дүйнөгө болгон көз карашы, жалпы эле адамдык сапатын ача турган көркөм ыкма катары жолугат. Жакыптын А-ы: Акыретке бет алсам Атакелеп артымдан Наалып калаар балам жок…

Кененирээк окуу

АЛЫЙМАН МУСА КЫЗЫ

АЛЫЙМАН Муса кызы (1912, Ооганстандын Памиринде) — манасчы. Тажик ССРинин Тоолуу-Бадакшан автономия облусунун Мургаб районунундагы Раң-Көл кыштагында жашаган. «Манас» айтууну атасы Муса Жума уулунан үйрөнгөнүн эскерет. Муса өмүр бою оогандык Памирде жашаган экен. Ооганстандын Памир өрөөнүн мекендеген кыргыздар да «Манас»

Кененирээк окуу

АРГЫН

АРГЫН — этноним. Кыргызга жамаатташ жайгашкан түрк урууларынын бири. Азыркы учурда казактардын орто жүз курамынын ичиндеги эң ири уруусу. 8 —кылымда Жети-Сууну, анын ичинде Таласты жердеген аргу уруусу менен байланышы бар. А., аргу экөө тең «аралаш», «курама», «ар кошкон уруулардын

Кененирээк окуу

АЛЧЫН

АЛЧЫН — этноним. Казактардын кичи жүзүнө караштуу уруу. Эпосто казактарга тиешелүү этноним экени айтылат: «Алчын, үйшүн, найман бар, Аргын Каракожо бар» (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Илимий адабияттарда А. менен алакчындын бирдей колдонулушу көп айтылат. Кыргыз, казактардын алакчындар аркылуу этникалык байланышта

Кененирээк окуу