Метка: Манас

АЛТЫНАЙ

АЛТЫНАЙ — каарман, Алмамбеттин энеси. Эпостун түрдүү варианттарында ар кандай ысым менен берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аты Экзер, өзү Соорондүктүн аялы болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта, Саякбай Каралаевдин вариантында А. Соорондүктүн кызы. Баласыз жүргөн Азизканга алып берүүгө кыз сынатканда

Кененирээк окуу

АЛКЫШ

АЛКЫШ — сөздүн магиялык күчүнө ишенүү менен адамга жакшылык каалоо, анын күнүмдүк жумуштарында же жоокерчилик иштерине ийгилик тилөө. А. өзүнө ар түрдүү магиялык милдеттерди камтыйт. Сөздүн магиялык күчүнө ишенүү коомдун өнүгүшүнүн эң төмөнкү баскычындагы уруу түзүлүшүнүн учурунда жаралган. Конкреттүү кырдаалга

Кененирээк окуу

АКТУЛПАР

АКТУЛПАР — Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта А-ды байгеге кошот. Ал Каныкейдин алтымыш асый Тайтору баш болгон 361 күлүк ат менен чабылып күч сынашат. А. чуркаган сайын кызып сынына келет. Каныкейдин эскерүүсү

Кененирээк окуу

АКАЯР

АКАЯР — кырк чоронун бири, балбан. А-дын балбандыгы Көкөтөйдүн ашында Жолойду жыккан. Кошойду көтөрүп кеткен (Саякбай Каралаев, 2. 47) жеринен көрүнөт. Эпосто дайыма «Чын ачуусу келгенде, Төөнү жаза муштаган, Төө көтөргөн Акаяр» (Саякбай Каралаев, 2. 65),— деп балбандыгы айтылат. А-дын

Кененирээк окуу

АЖЫДААР

АЖЫДААР (арабча аждаха) — мифологиялык жаныбар, көпчүлүк элдик жомоктордо адамды да, айбанды да оп тартып соруп коюучу, каарданса оозунан от чыккан, көп баштуу, өлчөмсүз чоң, укмуштуу жылан. Фольклордо. оң образ катарында да, терс образ катарында да кеңири белгилүү. А-дын элесинин

Кененирээк окуу

АЛЕҢГИР ЖАА

АЛЕҢГИР ЖАА — эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи

Кененирээк окуу

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ

АКТАН ТЫНЫБЕК УУЛУ (1888, азыркы ТяньШань району, Тегерек-Булак айылы — 1951, ошол эле жер) — манасчы, акын жана комузчу. Белгилүү чоң манасчы Тыныбектин уулу. Жаштайынан атасы айткан «Манасты» угуп чоңойгон. А-дын сөз өнөрүнө шыктуулугу он үч жашында эле байкалган. Адегенде

Кененирээк окуу

АКАС МЕРГЕН

АКАС МЕРГЕН — уламыш боюнча атактуу тулпарлар Аккула, Ачбуудан, Мааникерди тууган Кула бээнин ээси. Жоокерчилик заманда калмактар кыргызга кол салып, аларды туш тарапка таратканда 10 түтүн кыргыз бөлүнүп, тоо арасында калып калат. Ушундай кыйынчылык учурда элден А. м. деген чыгып,

Кененирээк окуу

АЖЫБАЙ

АЖЫБАЙ — Манастын башкы чоролорунун бири. Саякбай Каралаевдин вариантында А-дын Манаска чоро болуп келиши жөнүндө кеңири баяндалат. Манас касиеттүү думана чалдын кеңеши боюнча өзүнө ылайык жолдош издеп, Таластан аттанып чыгып Бакайга, анан А-га жолугат. Карткүрөң сындуу ат минген Кара ок

Кененирээк окуу

АЛГЫР КУШТАР

АЛГЫР КУШТАР, кыраан куштар — аң (карышкыр, түлкү, сүлөөсүн, коён жана башкалар), илбээсин (кыргоол, кекилик, чил, тоодак, өрдөк, каз, көгүчкөн жана башкалар), боз куштарды (чымчык, таранчы, торгой, чакчыгай жана башкалар.) алуучу жана аларды уулоо үчүн атайын тапталуучу жырткыч куштар. Аларга:

Кененирээк окуу