Метка: саясат

ВОЖДИЗМ

ВОЖДИЗМ – 1) Жогорку бийликке ээ болгон адамга берилип кызмат кылууга негизделген бийликтик мамиленин тиби.  Саясатта В. бекем борборлоштурулган идеологияга сугарылган коомдорго мүнөздүү жана мекемелерде иерархия  мүнөзүндө болот. 2) Диний же согуштук кол башчылык жеке бийлигине негизделген. Көбүнчө Чыгышта, Африканын 

Кененирээк окуу

БЕНТАМ Иеремия

БЕНТАМ Иеремия (1748–1832) – англ. окумуштуу. Утилитаризм философиясына негиз салуучу. Утилитаризм – 1)  Адамдардын жүрүм-турумунун негизинде жеке пайда табуу жатат деп эсептеген идеалисттик – этикалык окуу; 2) Бардык  нерседен материалдык пайда чыгарып алууга гана умтулуучулук. Б-дын саясий ойлору либерализмдин андан

Кененирээк окуу

ДЕМОКРАТТЫК ПРИНЦИПТЕР

ДЕМОКРАТТЫК ПРИНЦИПТЕР – демократтык саясий режим негиздеген принциптер. Демократия өзүнүн  өнүгүшүндө бир катар принциптерди иштеп чыккан. Биринчи кезекте бул – элдик бийлик, эл бийликтин булагы, бийлик  ал тарабынан тикелей же өкүлчүлүк формасында ишке ашырылат. Кеңири тараганы өкүлчүлүк формасындагы принцип,  ага

Кененирээк окуу

ГРАЖДАНДЫК КООМ

ГРАЖДАНДЫК КООМ – 1) коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий  чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес структураларды камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир  тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы; 2) мамлекеттик эмес – экономикалык, саясий, социалдык, үй-бүлөлүк, улуттук,  руханий, диндик, үрп-адаттык ж. б.

Кененирээк окуу

ВЕТО

ВЕТО (лат. veto – тыюу салам) – 1. кең мааниде – атайын укуктары бар органдардын же адамдын кандайдыр бир чечимге  оозеки же кат жүзүндө тыюу салышы. 2. – мамлекеттик бийликтин кандайдыр бир бутагы чыгарган токтомго башка бир  бийлик бутагынын сөзсүз

Кененирээк окуу

БЕК

БЕК – башкаруучу; орто кылымдагы түрк элдеринде жергиликтүү бийлик ээлерине берилүүчү титул. Б. мамлекеттеги эң  жогорку титул ээси – кагандан (хандан) төмөн туруп, жергиликтүү бир дубандын же аймактын бийлигин өз колуна  топтогон. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздарда Б. өз вилаетинде

Кененирээк окуу

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-статья) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту

Кененирээк окуу

БАЙТИК баатыр

БАЙТИК баатыр Канай уулу (1817–20, Аларча капчыгайы, – 5.3.1886) – солто уруусунун чоң манаптарынын бири. Байтик калк арасында зор урмат-сыйга бөлөнгөн, эл башчысы, акылман жетекчи, баатыр болгон. Кыргыз жергесин Кокон хандыгынын эзүүсүнүн куткарыш үчүн күрөшкөндөрдүн катарында болуу менен, ушул жердеги

Кененирээк окуу

БАЙ

БАЙ – кыргыз коомунун узак мезгилден бери өнүгүшүндөгү социалдык жана материалдык бөлүнүүлөрдүн бирин түшүндүрүүчү термин. Элдин материалдык жактан көбүрөөк камсыз болгон бөлүгүн көрсөтүүдө «Б». термини «Манас», «Семетей», «Сейтек» ж. б. эпостордо өтө көп кездешет. Кыргыз коому, бай-манап жана кедей-кембагал болуп

Кененирээк окуу

«БАБУР-НААМА»

«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири

Кененирээк окуу