Метка: эпосу

АКЫН

АКЫН — кыргыз, казак элдеринде көргөндөрүн жана коомдук турмуштан баамдап байкагандарын эч даярдыксыз ыр менен шыдыр баяндоого жөндөмдүү таланттуу адам, көркөм сөз өнөрүнүн өкүлү, «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. «Акын» термининин теги жөнүндө филология илиминде эки көз караш бар. Б. В.

Кененирээк окуу

АККЕЛТЕ

АККЕЛТЕ — Манастын мылтыгы. Манас баатырдын А-ге ээ болушу ар кайсы варианттарда ар түрдүүчө берилген: «Алачтан келген Аккелте» (Радлов жазып алган вариант), «Айкожо берген Аккелте» (Сагымбай Орозбаковдун варианты), «Бакай энчилеп берген Аккелте» (Саякбай Каралаевдин варианты). Манастын негизги куралдарынын бири катары

Кененирээк окуу

«АЙКӨЛ МАНАС»

«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков,

Кененирээк окуу

АБЫКЕ

АБЫКЕ — Жакыптын кичи аялынан төрөлгөн алты уулунун бири. Эпостун биринчи, экинчи бөлүмдөрүнүн бардык варианттарында катышат. А. иниси Көбөш менен бирдикте Манаска каршы иш жүргүзөт. Айрым учурда Көбөшкө караганда ак көңүл, абийирдүү адам катары көрсөтүлгөнү менен басымдуу учурда Көбөштүн жетегинен

Кененирээк окуу

АКЫЛ-ЭС

АКЫЛ-ЭС — адамдын түшүнүү, ой-жүгүртүү, таанып билүү жөндөмдүүлүгү. Таанып-билүү жөндөмдүүлүгүнүн мүнөздөмөсү катары А.-э. «Манас» эпосунда философиялык, психологиялык, тарыхый жана башкалар жагдайларда чагылдырылып жана адамдардын ойлоо аракеттерине, эй жүгүртүү өрүшүнө байланыштуу көрүнөт. Муну «Манас» эпосунун энциклопедиялык өзгөчөлүгү, башкача айтканда эпосто элдин

Кененирээк окуу

АКЖОЛТОЙ

1) Кырк чоронун бири, Адык кандын (башка бир жерлерде Арча кандын) уулу. Адык кандын Акжолтой Атышкан жоого сан колдой, Келип конду Таласка Чоро болду Манаска (Саякбай Каралаев, 1. 195),— деп сүрөттөлүп, Манаска эң алгачкылардан болуп кошулган чоролордон. « Аркан үзөр

Кененирээк окуу

АЙКОЖО

АЙКОЖО (өз аты — Абунасир Самани) — каарман. А-нун эпостун ар башка варианттарында сүрөттөлгөн образында айырмачылык бар. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ак пайгамбар Мустапанын (Мухаммеддин) сабаларынын (диний жанжөкөрлөрүнүн) бири. Мустапа бир күндөрү сабаларынын ортосунда олтуруп: биздин көзүбүз өткөндөн 400 жылдан кийин (башка

Кененирээк окуу

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ

АБДЫРАКУНОВ ТУРДУБАЙ (1937, Жети-Өгүз району, Ак-Дөбө айылы) — фольклорчу, изилдөөчү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин (1960), Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. «Кыргыз эл табышмактары» деген темада кандидаттык диссертация (1973) коргогон. 1988-жылдан тартып Кыргыз ССР

Кененирээк окуу

АКЫЛМАН

АКЫЛМАН — акылга дыйкан, көптү билген, көптү көргөн, даанышман, кеменгер адам. Эзелтен эле кыргыз эли акылмандыкты, эл ичинен чыккан А. адамдарды кастарлап, алардын накыл кептерин көңүлгө тутуп келген. Элдеги, жамааттагы абийир, адеп, жалпы эле ымандык нормалардын сакталышын А. карыялар, аксакалдар

Кененирээк окуу

АКЕРКЕЧ

АКЕРКЕЧ — каарман, Көкчөнүн аялы. Көпчүлүк варианттарда Семетей менен Үмөтөй карын бөлө, Каныкей менен А. эже-сиңди болуп айтылат. Радлов жазып алган вариантта А. күйөөсү Көкчөгө караганда токтоо, айлакер, керек учурда чечкиндүү, сулуу аял. Кар үстүнө кар жааса Кардан аппак эти

Кененирээк окуу