Метка: өнөрчүлүк

КУПА

«Купасы кумган түбүндөй, Жаактары сары алтын» («Манас»), Бул — күмүш шөкөттөрүнүн бир түрү. Купа — металлдан тоголок шарча түрүндөгү жасалган кооздук. Ал төрт чарчы да, ортосу томпок, казан көмкөрүк да болот. Зергерлер кара темирге күмүштү жалатуу, жезден калыпка куюу, өгөөлөө

Кененирээк окуу

КӨШӨГӨ

«Келинге тарткан көшөгө, Көгөрө бербейт өзү эле» (Райкан). Бул үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз үйгө шартташкан. Алда бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден (2,5—3 м, 2— 2,5 мм тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып,

Кененирээк окуу

КӨЧӨТ

КӨЧӨТ — бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө

Кененирээк окуу

КӨПЧҮК

КӨПЧҮК — көрпөчө ордуна ээрдин үстүнө салынуучу эни тайкы төрт чарчы буюм. Бул таардай эле кездемеден ичтелип, териден да, килемден согуп да, токуп да жасоого болот. Эни анча эмес аны айрым аймактарда «кажары таар», «терме таар», «беш кеште» түрүндө да

Кененирээк окуу

КӨПТҮРМӨ САЙМА

КӨПТҮРМӨ САЙМА — ийне сайманын бир түрү. Мында жердикке түшүрүүчү учуна жипти эң майда кылып сайса, ал бирдей түшүрүлөт. Сайма тик бурчтуктанып, оюм-чийимдин ийине ойдогудай түшпөй калышы да мүмкүн. Көптүрмө саймага түшкөн көчөттүн көрүнүшү чийге, килем бетине жана өрмөккө берилгендей

Кененирээк окуу

КӨӨР (Каухар, көөкар)

«Андаштын уулу Сары эле, Айдалып барган а деле, Колунан көөрү төгүлгөн, Усталыгы бар эле» (Токтогул). Ал — ар кандай асем буюмдардын жүзүн ачуучу асыл зат. Демек, чебердин колунан жараткан аруу нускалар «көө хардай жанып турат» деген түшүнүктү берет. Айлакер чеберлерге,

Кененирээк окуу

КӨӨРҮК

КӨӨРҮК (көрүк) — усталардын көмүрдү үйлөтө турган аспабы. Көмүргө көөрүк жан киргизет. Кыргыздар урунган көөрүк «кол көөрүк» же «ала көөрүк» деп аталган. Бул эки туюк териден, ача жыгачтан, түтүк темирден турган. Кош багалектүү көөрүктүн сырты түктүү да, жаргактуу да келген.

Кененирээк окуу

КӨМҮР

«Көмүрүнө чыдабай, көп токойлор кыйылды» («Манас»). Бул — күйгөн жыгачтын өчүрүлгөн чогу. Көмүрсүз көрүк үйлөнбөйт. Зергерлер жыгач отундун чогун этиеттеп, гүлгө айлантпай өчүрүп алуунун сырларын да укмуштай билишкен. Демек, чок болуп күйгөн отундун өчүрүлгөн ал кара күйүгү устакерчиликти иштетүүнүн эң

Кененирээк окуу

КӨӨКӨР

«Көөкөрүм кооз болсун — деп, Көп жубанга бычтырган, Көк жибек менен тиктирген» (Жеңижок). Бул — шири идиштеринин кооз түрү. Атайын кымыз куюуга колдонгон. Аны жасоо үчүн чеберлер уйдун, төөнүн терисин тандашкан. Калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып алып бычышкан.

Кененирээк окуу

КӨНӨК

КӨНӨК — Бул шири идиштеринин бир түрү. Бээ саачу, кымыз куюучу, кыскасы, актын касиетин узакка ойдогудай сактоочу шири идиш. Муну көркөмдөп жасоодо көпчүлүк чеберлер анын орточо бийиктигин жана диаметрин 26, 32 смден ашырышпайт. Чакан көнөктүн сыйымдуулугу он-он эки литрге барабар.

Кененирээк окуу