Метка: өнөрчүлүк

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ

КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ — Жайылган керегенин белинен курчала турган буюм. Ал көбүнчө өрмөк согуучулук жана килем токуучулук ыкмасы аркылуу пайда болот. Буюмдун эни 70 смге чейин жетет. Түштүк кыргыздын айрым аймактарында чеберлер мына ушундай энде өрмөк дүкөнүн жана килем дүкөнүн куруп,

Кененирээк окуу

ИЙРЕК

ИЙРЕК — Теринин бетиндеги челин, этин, майын ала турган аспап. Аны чеберлер өзүлөрүн эки башын жумуру жыгачтан саптап (50—60 см), ортосуна быдырлуу тишин чыгарып, оюндагысындай кылып, жасап алышат. Ийрек — териге көркөм оюм-чийим түшүрүүчу аспап. Ал жыгачтан жумуру сапталган шибеге сымал

Кененирээк окуу

ЖАРГЫЛЧАК

«Керектүү таштын оордугу жок» (макал). Таш буюму. Жаргылчак — кичинекей кол тегирмен. Ал кол менен чуркатылат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылып алат. Туз майдаланат, илгери

Кененирээк окуу

БАСМА САЙМА

БАСМА САЙМА — Ийне сайманын бир түрү. Мында чеберлер адаттагыдай жердиктин алдынан учук өткөрүшөт. Абалы башынан баштап белгилүү аралыкты (бир см. дей) аягына дейре бир сайып алат. Аны кайра башынан дагы үч-төрт жолу сайып тартат. Эми ортосунан эки курдай тигил

Кененирээк окуу

АЙЫРМАЧ

АЙЫРМАЧ — «Айырмач токуп, малга артып, кайра көчтү эл шашып» (А. Үсөнбаев). Бул — жыгач буюму, ээрдин бир түрү. 1). Кичинекей балдар (4—6 жаштардагы) атка минүүгө өбөк. Аны көчмөңдүү турмушта өзүнчө тайкунанга мингизүүгө көнүктүрүүгө атайын токулган ээр. Айырмачтын кашы менен

Кененирээк окуу

КЕРЕГЕ КӨКТӨӨ

КЕРЕГЕ КӨКТӨӨ — Матоодон чыккан талдарды бириктирүү. Керегени көктөө үчүн көзөлүүчү жерин темгектеп чыгат. Көктөөгө чеберлер кийинчерээк жылкынын терисин да колдонуп жатышат. Буюмду чүпүрөк менен кайрадан сүртүп чыгат. Усталар мунун бир жерин он жолу кармоого туура келет. Аны туташ көктөөдө

Кененирээк окуу

ИЙНЕ САЙМА

«Беши жубан, беши кыз, Мелдешип ийне сайышкан, Беш жубандын ичинде, Беш манжасы майышкан». (Калык) Бул — сайманын бир түрү. Ийне сайма — жөрмөп саюу. Ичке ийне менен сайма сайса, сайым элпек кетет да, түшкөн көркөм көчөт ошончолук сыйда көрүнөт. Мыкты

Кененирээк окуу

ЖАН АЯК

ЖАН АЯК — Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот.

Кененирээк окуу

БАСМАЙЫЛ

БАСМАЙЫЛ (тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып» («Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат. Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга

Кененирээк окуу

АБАЛАК

АБАЛАК — «Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп,

Кененирээк окуу