Метка: өнөрчүлүк

ҮЗҮК

«Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон» («Манас») «Үзүгүнүн жээгине, Үч эли кундуз койдурган». (Жеңижок). Бул — боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Уук үстүнөн келүүчү көлөмдүү жабуусу. Боз үй алдыңкы үзүктөн жана арткы үзүктөн турат. Бул да үзүктөй эле койдун

Кененирээк окуу

ҮЗӨҢГҮ

«Алтындан куйган үзөңгү, Аягын төрө салбады» («Манас») Ал — ат жабдыгынын бир бөлүгү. Унаа үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүдө, аттанып түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкташат да, ээрдин эки капталына тагылат. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш

Кененирээк окуу

УСТАРА

«Мурундарын карасаң, Айбалтанын сабындай. Муруттарын карасаң, Устаранын кабындай» («Манас») Бул — атайын чач алуучу бычактын бир түрү. Муну жасоодо усталар курч темирден (ак курч, кара курч) жердигин тандап, чоктонтуп табы менен сугарып, аны бүлөөгө бүлөп курчутуп алышкан. Кыргыз устарасынын сабы

Кененирээк окуу

УСТА, УЗАНУУ, УСТАЧЫЛЫК

«Кулукедей уста бол, Кыргыз элдин ичинде, Өлбөй турган нуска бол» (Токтогул). Бул — жердиги катуу буюмдарга узануучу чебер. Буга кара уста (темирчи), зергер (күмүш уста) (ат жабдыктарынын чебери: өрүмчү, кайыкчы, кайышчы, анан жыгаччы, кырмаччы, ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу, мүйүз уста

Кененирээк окуу

УУК, УУК БОО, УУК УЧТУК

УУК — «Ууктарын нылдаган, Каалга менен босого, Канча түрдөп сырдаган» («Манас») уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук

Кененирээк окуу

УЗ, УЗЧУЛУК

«Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болду экен, Карегим түштү коозуна» (Байдылда). Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук

Кененирээк окуу

ТҮНДҮК ЖАБУУ

ТҮНДҮК ЖАБУУ — Боз үйдүн өрө кийизинин бир түрү. Ал түндүктүн чоңдугуна жараша бычылат. Төрт бурч болжолдо 2×2 метрдей болот. Үзүктөй, туурдуктай эле «жээктелет». Анан төрт бурчуна тагылган төрт эшме боону бел кырчоого байлайт. Тастар жип деп аталган алдыңкы эшик

Кененирээк окуу

ТҮНДҮК

«Аталар түндүгүн көтөрүп, энелер уугун улаган» бул — боз үйдүн очогу, түтүн чыгуучу, жарык берүүчү жери, боз үйдүн борбору. Жыгаччылыкта боз үйдүн түндүгүн кармоо ар бир эле чебердин колунан анча келе бербейт. Уук, кереге матоого караганда түндүк ийүүнүн түйшүгү андан

Кененирээк окуу

НААР ТҮШҮРҮҮ

НААР ТҮШҮРҮҮ — салттуу көн (шири) буюмдарына жана ашкана идиштерине көркөмдүк берүүнүн эң эле эски ыкмасы. Мында кыз-келиндер токуна турган тердикте түшкөн «наар» башкалардан айырмаланат. Бул түр өтө сыйда, ичкерээк, назик көрүнөт. Эч кандай кайыкчылыкты колдонбой, буюмдан өөн-бучкак келтирбей, бир

Кененирээк окуу

ТЕРДИК

«Атка тердик салдырып, Ак каңкы ээр алдырып» («Манас»), «Булгаары тердик, муз желдик, Бурчтарын чеге жылдыздап» (Казыбек). Ал—ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрди астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, каптал жыгачтарынын жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Токулушу боюнча

Кененирээк окуу