Метка: өнөрчүлүк

ТОРЧОЛОО

ТОРЧОЛОО (тордоо) — чыйратылган күмүш зымды асем нускалоо. Бул — зергерчиликтин бир ыкмасы. Мында зым түрдүү жоондукта чыйратылат. Ал улам ичкертилип, чыйратылган сайын чеберчилик да артылып жүрүп отурат. Илгерки зергердин зым тарткычтарынан айырмаланып, бирок, түспөлү ага окшошуп, атайын заводдон жасалган

Кененирээк окуу

ТОГУЗ КОРГООЛ

ТОГУЗ КОРГООЛ (тогуз кумалак) — Элдик оюндарды жүзөгө ашыруу үчүн жасалган жыгач буюму. Азыр улуттук мааниде кеңири ойнолуп жатат, муну кыруу, оюу, жонуу чеберчилиги устанын бөтөнчөлүгүн туюндурат. Ал — эки тарабында кылдат оюлган бирдей тогуздан сегиз чуңкуру (үйү, уясы), ортосунда

Кененирээк окуу

ТОПЧУ

«Күмүштөн топчу бүчүмдө, Күйүтүм турат ичимде» (Боогачы). Бул — зер буюму. Улуттук кийим-кечектерге жакшы жарашкан кыз-келиндерибиз үчүн зергерлер колодон, жезден, күмүштөн, мүйүздөн асемдеп үлгү жасашкан. Салттуу буюмдун катарына кирет мунун бетине зергерчилик менен кооздук түшүрүшкөн. Адатта, топчуну темирден жана мүйүздөн

Кененирээк окуу

ТОПУ

«Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул — тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген. Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү

Кененирээк окуу

ТОН (Бостон)

«Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын

Кененирээк окуу

ТОМПОЙ

«Үйүрө кармап томпойду, Чийинди басып оңтойлуу, Топтошуп турган чүкөнү, Шыкаалап туруп бир койду» («Манас»). Ал — абалактын бир түрү. Мунун «ордо оюну» үчүн эң мурун чыккандыгы элдик эпостордо даана айтылат. Кыргызстандын айрым аймактарында (Түштүк Кыргызстанда, Таласта, Чүйдө ж.б. ) «Ордо

Кененирээк окуу

«ТОГУЗ ТӨБӨЛӨӨ»

«ТОГУЗ ТӨБӨЛӨӨ» (асыл таш, айнек чөгөрүү) — Асем буюмдарды жасоодогу элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Муну буюмдардын бардык бүтүндөй түрүнө колдонууга болот. Акакты, айнекти, зумуратты, инжини кадимкидей буюм бетине чөгөрүү үчүн мунун эки ыкмасы пайдаланылат. Биринчиси: мисалы, билериктик күмүштүн үстүн оюп,

Кененирээк окуу

«ТЕРМЕ ӨРҮМ»

«Он эки талдан Булдурсун, Чапса кулак тундурсун» («Манас») Бул — камчы өрүмү, татаал өрүмдүн бир түрү. Ал көбүнчө жыйырма төрт көк менен өрүлөт. Аны бирден басып, бирден өткөрүп, төрт кыр кылып коет. Камчы үчүн муну алты тал аркылуу да өрүүгө

Кененирээк окуу

ТЕРМЕ, ТЕРМЕЧИ

ТЕРМЕ — өрмөчүлүк өнөрүнүн көркөм түрү. Анын көркөм көчөттөрү, ар кыл болуп, кештелердин негизи менен сөлөкөттөрү бири-бирине так жана төп айкалышып, өрмөк согуу өнөрүнүн накай жасалгалык жагдайын көздөп турат. Терме — өрмөктүн эриш жиптерин «терип согуу», «көркөм көчөт келтирип согуу»

Кененирээк окуу

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ — кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат.

Кененирээк окуу