Метка: өнөрчүлүк

ТЕГИРМЕН

«Ун чыгарып тегирмен, Упадай ак нан жедирген». (Мидин). Бул — таш буюмдарынын көрүнүктүүсү. Эгинден ун-талкан тартат. Суу барасы аркылуу чуркап турган тегерек кош таштан орнотулган дүкөн. Аны чуркатыш үчүн чеберлер ташын, темирин жана жыгачын тандайт да, оңтойлуу жайын даярдоосу зарыл.

Кененирээк окуу

ТЕГИРИЧ

«Тегерете карады, Тегиричи кооз экен» (макал). Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот.

Кененирээк окуу

ТЕБЕТЕЙ

«Бөрү атаар уулду бөркүнөн тааны» (макал). Бул — салттуу баш кийимдердин бири. Анын жердиги көрпөдөн да, суусардан да, сүлөөсүндөн да, түлкүдөн да, кундуздан да, ж.б.у.с. баалуу аң терилеринен да тигилген төгөрөк баш кийим. Анын төрт талаасы болуп, бул төрт бөлүк

Кененирээк окуу

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР

ТАШ ЧЕККИЧ АСПАП-КУРАЛДАР — Бүгүн таш кесүүчү аспап-куралдарга Таш кескич кирет. Анын башына алмаз бекитилет да, ал «таш кесүүчү дүкөн» деп аталат. Балка негизги аспаптардан болот да, берки балкалардан кичине салмактуураак. Сабы кыскараак келет. Азыр цех техника аркылуу иштейт. Таш

Кененирээк окуу

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК

ТАШ ЧЕГҮҮЧҮЛҮК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Таш — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги, өндүрүшкө пайдаланылып жаткан каптоочу жана атайын жасалгалоочу таштардын кени табылууда. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Таш кендерибиз — элдик көркөм кол

Кененирээк окуу

ТАЛКУУ

ТАЛКУУ — терини үйлөөчү кол дүкөнү. Жыгачтан жасалган кол аспап. Ага тери чылгый да, өңдөлгөн түрдө да ийленет. Ал «кол талкуу» деп да аталат. Муну чеберлер жумуру жыгачтын ортосун кенен оюп, кырларын быдырлуу ара тиш (азуулуу) түрүндө жасашат. Анын бир

Кененирээк окуу

ТАКТА

Үй эмеректеринин бири. Бул боз үйдө жүк жыюуга ылайыкталган, жыгачтан жасалган текче. Ага кыска бут жасалат. (50 см дей.) Узуну жүктөгү жууркандын бир кертиминдей болот. Көчмөн турмушта боз үйдөгү жууркан- төшөктү таза кармоого жана тыкандап жыюуга шартташкан. 2) Сабаа тактанын

Кененирээк окуу

ТАБАК

«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай

Кененирээк окуу

СЫЯ ТӨГҮҮ

СЫЯ ТӨГҮҮ (зоот, мөөр түшүрү, себет төгүү). Бул — элдик зергерликте күмүштү иштетүүнүн негизги ыкмасы. Күмүш бетин көркөм оюм-чийимдерди берүү менен көркөмдөө. Мында ага из түшүрүп алуучу «ийне шибегени» колдонушат. Андан соң анын сыртына зергерлер дапдаана оюм кылчу сабы жумуру

Кененирээк окуу

САЙМА КӨЧӨТҮ

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук

Кененирээк окуу