Метка: өнөрчүлүк

СӨӨККӨ УЗАНУУЧУЛУК

СӨӨККӨ УЗАНУУЧУЛУК — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бодо малдардын — төөнүн, жылкынын, уйдун, топоздун жамбаш жана жото жилик сөөктөрүнөн кооз белек-буюмдарды жасоочулук. Мында абалы сөөктүн майын кетириш үчүн аны да мүйүздөй эле белгилүү өлчөмдө сууга кайнатып алат. (Азыр

Кененирээк окуу

СӨЙКӨ (СЫРГА)

СӨЙКӨ (СЫРГА) — «Кулагыңа тагылган, Сыргаң болуп калсамчы» (Эл ыры). Бул — кыз-келиндерибиздин кулакка тага турган зер буюму. Анын кулакка илүүчү иймеги, ичке моюну жана сүйрү, тегерек, жумуру, жүрөкчөлөнгөн тоголок сыяктуу түрдүү формада алаканы (солоңдору). Сөйкө зергерчиликтин «сыялоо», «сирке төгүү»,

Кененирээк окуу

СОКУ

«Такта соку, так билек, Такылдатпа жеңеке» (эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бири. Муну менен данды түктөйт, таруу, конок актайт, данекти, ышкын түптү жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын, кайыңдын жана ушул сымал катуу жыгачтардын дөңгөчүнөн жасашат. Оозу

Кененирээк окуу

СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ)

СИРКЕЛЕТҮҮ (СИРКЕ ТӨГҮҮ) — Элдик зергерчиликте буюмду кооздоонун бир ыкмасы. Мында зергер күмүш зымды үшкүгө ченеп кесет. Жыгач көмүрдүн бетин кестик менен этият жонуп, тептегиз жалпактап, үшкүлүү шибеге (учу тоголок) аркылуу жалпак көмүрдүн бетин сыйда оюп, аны кыдырата коет. Үшкүгө

Кененирээк окуу

СЕП

«Кымкаптын өөнүн эп кылган, Кыздарына сеп кылган, Баркуттун өөнүн эп кылган, Балдарына сеп кылган» (Калык). Бул — көркөм буюмдардын бир бүтүм жыйнагы. Кыздын төркүнүнөн барган жерине алып чыгуучу асыл-заада буюм- кечелери. Ага уста-узчулуктун сырдуу кооздугу аркылуу бүткөн: шырдак, туш кийиз,

Кененирээк окуу

СЕБЕТ

СЕБЕТ — оюм-чийимге төгө турган сыя, зер боегу. Илгери темирге жалатылган күмүш бетиндеги оюм-чийимге мөөр түшүрүү ыкмасы жергеде кеңири таралган. Аны жалпысынан «себет» деп да айтат. Айлакер зергерлер күмүш буюмунун түбөлүк өчпөй, кооз көрүнүп калышы үчүн жекече чеберчиликтери менен «боекту»

Кененирээк окуу

САЙМА КӨЧӨТҮ

САЙМА КӨЧӨТҮ — саймачылыктын негизги кооздук каражаты. Бул буюм бетине «орнамент» (түр-оюм) түшүрүү дегенди түшүндүрөт. Ошентип, көчөт — бүтүм оюм-чиймени ирээти менен алмаштырып, жердик бетине түшүрүү дегендик. Саймачылар тигил-бул сайма ыкмасы аркылуу буюмга мындай көчөттөрдү түшүрүүдө баш-аламандыкка чалдыкпайт, сөзсүз шарттуулук

Кененирээк окуу

СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ

СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ — сөөктөн кармалган азем буюм. Ал да кыз- келиндердин шөкөттөөчү буюм-тайымдарынын ичине кирет. Сөөк менен мүйүздөн мунун ички касиеттерин ачып берүүдө чеберлер ар бирин чеберчиликте узанууга жердик оң жолуна буруп турат. Аларга шык берип, ич ара чыгармачылыкка үндөйт.

Кененирээк окуу

СӨӨК БОЁО

СӨӨК БОЁО — Устакерчиликтин бир ыкмасы, жердиктин түсүн өзгөртүү, Ал сөөктү боёодо буюмдарды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын өзүнүн боегу бар. Бул боюнча өзүлөрү ойлоп чыгарып, өндүрүшкө пайдалуу сунуштарды киргизишкен чеберлери бар. Ыкчам чайдын чамасына уксус кошуп, ошого сөөктү бир сааттай

Кененирээк окуу

СӨӨК БОЁО

СӨӨК БОЁО — Устакерчиликтин бир ыкмасы, жердиктин түсүн өзгөртүү, Ал сөөктү боёодо буюмдарды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын өзүнүн боегу бар. Бул боюнча өзүлөрү ойлоп чыгарып, өндүрүшкө пайдалуу сунуштарды киргизишкен чеберлери бар. Ыкчам чайдын чамасына уксус кошуп, ошого сөөктү бир сааттай

Кененирээк окуу