АДАМЗАТТЫН КЕЛЕЧЕГИ (ЖЕ ФУТУРОЛОГИЯ)

Футурология — адамзаттын, коомдун келечегин иликтеген окуу, «болочоктун концепциясы» (латынча futurum — «келечек» деген сөздөн чыккан). Ушул маанисинде адегенде 1943-жылы немец социологу О. Флехтхейм тарабынан колдонулуп, кийин кеңири таркаган.

Чын-чынына келгенде адам баласы эч качан келечекке көңүлкош караган эмес. Жашоо-турмуштун өзү аны келер чак жөнүндө ойлонууга мажбур кылган. Адам өз келечегин болжоп билүүгө, алдын алууга, өзү билбесе «көзү ачыктарга» айттырып, кабардар болуп, камдуу тосушка аракет кылган.Рефератты көчүрүү