АРСТАНБЕКТИН БАТАСЫ

(Жеңижокко берген бата)
Ырчы балам, Жеңижок,
Сенде ырчылыктын кеми жок.
Улардай таңшыр убагың,
Кыдыр даарып жол болсун.
Ырчы болсоң сынчы бол,
Зөөкүрдү чабар камчы бол,
Кургак жерге тамчы бол,
Дүлөйлөргө кулак бол,
Чөлдүү жерге булак бол.
Аргымак минген баатыр бол,
Алсыздарга жакын бол.
Күлүк минген күчтүү бол,
Күйдүргүгө миздүү бол.
Жесирлерге жөлөк бол,
Жетимдерге көмөк бол.
Канкорлорго касап бол,
Калп айтканга мазак бол.
Ууруларга айгак бол,
Ушакчыга сайгак бол.
Бечарага калка бол,
Беделсизге арка бол.
Ашта, тойдо мырза бол,
Аптыгып алкым агытпай,
Акындарга нуска бол.
Кара өзгөй болбой, калыс бол,
Кошоматтан алыс бол.
Усталарга балка бол,
Баатырларга калка бол.
Коркокторго уруш бол,
Кош сөздүүгө буруш бол.
Карыяга кайрым бол,
Алы жокко айбар бол.
Ашы жокко айран бол,
Эрегиш чыкса элчи бол,
Эл-журтуңдун кенчи бол.
Аш менен тойдо көркү бол,
Тону жокко бөркү бол,
Желек кармар жетик бол,
Жардыларга кешик бол.
Жармачтарга эшик бол,
Жери жокко конуш бол.
Эти жокко союш бол,
Бейилдүүгө бейпил бол.
Ысаптууга байыр бол,
Мүлдө журтка шайыр бол.
Таразанын ташы бол,
Ырчылардын башы бол.
Калктын зарын зардап өт,
Качанкы ырын ырдап өт.
Калк көңүлүн чалкытып,
Каниет алып жыргап өт.
Элдин зарын зардап өт,
Эзелки ырын ырдап өт.
Эл көңүлүн чалкытып,
Эргүү алып, жыргап өт.
Уламаны улагын,
Улардай таңшыр убагың.
Баяда минтип айткан деп,
Кек сактап, сөздү куубагын.
Санат сөздү сабагын,
Сабап айтар убагың.
Санаа тартпай жыргап өт,
Сакадай болгон чырагым.
Күлүк минип гүлдөп өт,
Күмүрөй журтка сүйлөп өт.
Жорго минип жолдо өт,
Жамы журтка ырдап өт.
Ырың журттун ынагы,
Өзүң болгуң чырагы.
Балам, нуска сөзүң кап болсун,
Санат ырың сан болсун.
Санжыра сөзүңүз болсун,
Калың кыргыз элине,
Кадырың артып, бак консун!