АТАЛАРДАН АК БАТА: Байыркы бата

Мал болсун!
Баш болсун!
Берекелүү аш болсун!
Узун өмүр жаш болсун!
Ики деген оору болбосун.
Келе деген доочу болбосун…
Баккан балээ болбосун,
Жапкан жалаа болбосун!
Калк ордунда болсун,
Кан тактысында болсун!
Кандын касабасын сактасын…
Ашуусу бийик тоодон сактасын!
Айкырып кирген жоодон сактасын!
Бак карасын!
Эл ичи тынч болсун!
Эмгек кайнап турсун!
Береке жайнап турсун!
Карыяларыбыз нускалуу болсун!
Байбичелерибиз берекелүү болсун!
Келин-кыздарыбыз уяттуу болсун!
Жаштарыбыз ыймандуу болсун!
Көрүшөргө көз болсун,
Ырыскы дөөлөт тез болсун!
Оомийин!

Жарык дүйнөгө ымыркай төрөлүп, жентек той берилгенде, же бешикке салынгандагы бата

Адам баласы ыңаалап жарык дүйнөгө келип, жалтыратып көзүн ачкандан баштап анын өмүрү бата менен башталуучу экен мурда.

Ошондо алгач баланы бешикке, укумтукуму өскөн, умай эне сындуу касиет куту бар, жүрөгүнөн, жүзүнөн мээрим төгүлгөн ак жаркын байбиче салган.
Ал баланы бешикке бөлөөрдүн алдында ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп, арча менен бешиктин ичи-сыртын аластап, ар кимиси өзүнүн чыгармачьшык жөндөмүнө жараша төмөнкүдөй баталар менен бөлөгөн:

Жараткан өзүн жалга,
Жакшылыгыңдан жанба!
Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыскы бөлө!
Кесепеттүүнүн сөзүнен сакта,
Каргашалуунун көзүнөн сакта.
Кара жердин төшүнөн сакта!
Касиетсиздин өзүнөн сакта!
Акелерине атчы болсун,
Инилерине башчы болсун!
Жамандан адаштыр,
Жакшыга жанаштыр!
Теңтупгун кең кыл, телегейин тең кыл!
Арамдыктан алыс кыл, ар ишке калыс кыл.
Алты куйрук ашагын,
Алтымыш аша жашагын,
Шердей үндүү бол, жолборстой сүрдүү бол,
Ырыскыңдан маңдайлуу бол!

***

Көйнөгүң мала болсун,
Таягың ала болсун!
Калпагың ак болсун,
Төбөсүндө чок болсун!
Атың кашка болсун,
Алты асый жашта болсун,
Камчы сабың кайың болсун,
Казыгында дайым болсун!
Улуунун жашын берсин,
Жакшынын башын берсин.
Күчтүүнүн алын берсин,
Малдуунун малын берсин!