АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы келген келинге берилген бата

Жаңы келген келинге берилген бата

Кайын атаңды кандай көр,
Кайын энеңди жандай көр. Айткан акыл-насаатын,
Агарып аткан таңдай көр.
Ичээр ашын, тамагын, Айттырбастан камдай көр, Кызмат кылып талыкпай,
Урмат кылып жалыкпай,
Купулга куп толо гөр.
Адебиңе эритип,
Акылыңа мээритип,
Урпагыңа уланаар,
Ак батасын ала гөр.
Ашкан айкөл бала гөр,
Кайнагаңды бектей гөр,
Кайнилериң чептей гөр.
Кайын эже-сиңдиңи,
Жатындаштан жакшы гөр,
Жаркылдап колдо барыңды,
Жая кескен жалдай бер.
Суу сунсаң да сумсайбай,
Алтын аяк балдай бер.
Чоң абысын колдосун,
Кичи абысының жолдосун.
Айныбай келип тилегиң,
Алганың болуп тирегиң,
Ынтамык, ырыс, бак бассын!
Уюгандай коргошун,
Ортоңорго от жагар,
Опосуздар оңбосун!
Басыгыңды байым даарып,
Барган жериңде, кайын элиңде,
Бакты-таалай орносун!

Кудайым жалгасын,
Тилегинди берсин,
Алдыңды бала бассын,
Кудай ынтымак ырыс берсин,
Ызаатуу жаштан кылсын,
Башыңарды таштан кылсын.
Бата бердик жаш-кары,
Алганың менен тең кары.
Калкыңдын сөзүн жыйнагын,

Кайын журтту сыйлагын.
Алганыңа акжолтой бол.
Ажарың коштоп тоо башын,
Ак элечегиң башыңдан ообасын!

*****
Келген жериңе кенен бол,
Кылаар ишиңе белен бол.
Алганыңа таттуу бол,
Ажарың ачкан аккуу бол.
Шаар кылып үйүңдү,
Шар турмушка шаттуу бол.
Кайын-журтка жага бил,
Каалаганың таба бил.
Кайнатанын сынын бил,
Кайнененин сырын бил.
Суусаганын байкасаң,
Сураттырбай суусун бер.
Чарчаганын байкасаң,
Чагылгандын күүсүн бер.
Ойлогонун тандап бер,
Орундугун камдап бер.
Жубуң менен бирге болуп,
Кармашкан колуңар бузулбасын.
Бири-бириңе ысык болуп,
Кыялыңар кызык болуп,
Көңүлүңөр сыздабасын,
Очогуңар муздабасын!
Маанайыңар жарык болсун,
Бул күнүңөр кийинкиге,
Айтып жүрөр тарых болсун!