АТАЛАРДАН АК БАТА: Жаңы төрөлгөн балага, кыркын чыгаргандагы айтым

Жаңы төрөлгөн балага, кыркын чыгаргандагы айтым
Кодогой…
Кырк ашууну ашкан суу,
Кырк томолонуп келген суу,
Кыр таштарды кырккан суу,
Кызыр атам таткан суу.
Көтөр бала билегиңди,
Кудайым берсин тилегиңди.
Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Суудай таза бол,
Нурдай сулуу бол!
Көтөр бала билегиңди,
Кудайым кабыл көрсүн тилегиңди.
Каз каркылдап кечкисиз бол,
Куш куркулдап өткүсүз бол.
Тукумуң журтка таанылсын,
Илимиң башка толуп,
Илебиң ташты жарсын!
Казаның кайнап турсун,
Өмүрүң узун, өрүшүң жайык болсун!

Ымыркайды бешикке бөлөөдөгү бата

Бисмилла рахмани ир рахим,
Жакшылыгыңдан жанба,
Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
Ымыркайынан ырыска бөлө.
Арчадай узак жаш бер,
Акылга толо баш бер.
Жүзүнөн мээрим төгүлсүн,
Колунан көөрү төгүлсүн.
Апасынын сүтүн актасын,
Жалаң айылы эмес,
Жалпы журту мактасын.
Адамга сүйкүм кеби болсун,
Абийиринин чеби болсун.
Түбөлүгүн оңдосун,
Жараткан өзү колдосун!

Мына ушундай баталардан кийин бешикке бөлөнгөн бала батаны түшүнгөнсүп, бактысын күтүнгөнсүп, жамажайын жайылтып, жай термелип уктап калган. Айтып отурсак, бата берүүнүн түрлөрү эң эле коп. Бата кайсы убакта берилээрин эч ким чектебейт дагы. Кимдир бирөөнүн жакшылыгын көрүп жаткан адам ага ыраазы болгонунан дагы бата берет. Анткени ал адам ыраазы болгонунан жетине албай, ыраазылыгын кантип билдирээрин билбей, агыл төгүл болуп алкайт. Мына ошондо ал адам чын дилинен агыл төгүл болуп турса, анысы батага айланып кетиши мүмкүн. Мисалы, төмөндөгүдөй,

Кодогой…Башыңдан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун,
Туугандарың эсен болсун.
Кыдыр сага даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Көл боюнда талың болсун.
Көкөлөтөөр чагың болсун.
Короо толгон коюң болсун,
Козголбос тоодой оюң болсун.
Аттанып үйдөн чыкканда,
Айчүрөктөй жолуң болсун!
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Бак карасын башыңа,
Кыдыр даарысын ашыңа.
Куру сайыңа суу аксын,
Элиңе ишиң жаксын.
Берекет берсин ашыңа,
Кызыр келсин кашыңа.
Узун өмүр жаш берсин,
Бала чака башыңа.
Уучуң узарсын,
Жаның жайылсын.
Өмүрүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп жатсын.
Эч нерседен кем болбо!