АТАЛАРДАН АК БАТА: Үйлөнүп жаткан эки жашка берилген бата

Улуу бабаларбыздын үйлөнүп жаткан эки жашка берген батасы

Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Суктанарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө!
Эчкиңер эгиз туусун,
Эки жылда сегиз туусун.

 

Ат берсе, ала берсин,
Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе, теке берсин,
Эшиги ачык Мекке берсин.
Пайгамбар назарын берсин,
Кызырың баарын берсин.
Дасторконуң жабылбасын,
Силерге кайгы кабылбасын.
Сыймыктуу дөөлөт жашынбасын,
Кара ниеттер асылбасын.
Казынаңар чачылбасын,
Каймагыңар бузулбасын.
Кайнаган казаныңар токтобосун,
Жаман ой бирөө козгобосун.
Уулдарыңар урум болсун,
Кыздарыңар Кырым болсун.

 

Уул үйлөп, кыз берген жерде батанын көбү жаңы келген келинге карата берилген:

Жаккан отуң өчпөсүн,
Ытымак бирлик сакталып,
Конушуңдан көчпөгүн.
Карыбагын, жашаргын,
Кадимкидей жашагын.
Алтындан бешик ыргап өт,
Алганың менен тең карып,
Күн тийгендей жыргап өт!
Алдынды бала бассын,
Артыңды мал бассын.
Ак элечегиң башындан түшпөсүн,
Алганың менен тең кары!