БАРПЫ Алыкул уулу

БАРПЫ Алыкул уулу (1884, Сузак р-ну, Ачы кыштагы –9. 11. 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу ойчул акын. Кедей үй-бүлөдөн. Сегиз жашынан жергиликтүү кыргыз байларынын малын карашып, он бирге чыкканда өзбектердин бадасын багып, Мадалы ажынын үй жумушун аткарып, он төртүндө Азирети Эшендин колунда кызмат кылууга өткөн. Андан Макаторпоктогу тайы-журтуна качып барып, он бешинен эл алдына ырдап чыккан. Адегенде Семетей найыпты жандап (болуштукка талапкер болгон), анан жети жыл Кара-бий м-н жүргөн («Беш бала»). Атасы дүйнөдөн өткөндөн (1904) кийин туулган жерине кайтып келген. Октябрь төңкөрүшүнөн соң Түштүк Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышып, «Кошчу» союзунун, өз ара жардамдашуу топторунун жооптуу кызматтарында иштейт. 20-жылдарда Жарды-жалчы комитетинин төрагасы, кийинчерээк Жалалабат кантонунда Чаңгет айыл кеңешинин төрагасына орун басар болот. 30-жылдардын башында катуу ооруп, 2-көзү да жакшы көрбөй калат. Ошондон тартып коомдук турмушка жалаң ырчылык өнөрү, нускалуу сөз күчү м-н гана катышып чектелет. Б. – Ааламга ой жүгүртүп, Аалам курулушу ж-дө ырдаган даанышман санатчы («Айт! Айт! десе, Ааламды айт!», «Күн», «От», «Жер», «Аккан суу», «Шамал»).; Б. – «Ааламдагы адамды»; анын көп түрдүү, көп мүнөздүү, көп кырдуу келген кармалбас табиятын ырга салган акын («Адам», «Адамзаттын балдары», «Напси», «Жоомарттык», «Питина», «Ач көз», «Болор жигит», «Болбос жигит», «Аялдын жакшысы», «Аялдын жаманы» ж. б.).; Б. – айтыш өнөрүнүн бардык түрлөрүн чегине жеткире өнүктүрүп, түрдүү формалар м-н күтүүсүз-күтүлүү ыкмаларга салып таймашууга ашкере машыккан чыныгы универсал талант (Бекназар, Жеңижок, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Нурмолдолор м-н болгон айтышы).; Б – махабат ырларын Чыгыштын Хафиз, Ша Машриптай көсөм акындары жеткирген эң жогорку деңгээлде ырдаган улуу акын («Мөлмөлүм», «Гөзал кыз», «Коноюн» ж. б.).; Б. – бир нече элдин руханий байлыгын бир адамдын жандүйнө стихиясына айландырып, Чыгыш маданияты мн кыргыз, кыпчак, ичкилик, өзбек маданиятын эркин туташтырып турган жандуу көпүрө.; Б. – кыргыз тилинин алтын хорун түрдүү маани, атама, түрдүү боёк, угум, туюмдар м-н байытып келаткан жандуу таасири түгөнбөс казына. Б. эки доор, эки түзүлүш көрүп жашаган акын. Өз замандаш, өнөрлөштөрү сыяктуу эле жаңы заманды, Ленинди, партияны, социалисттик курулуштун жүрүшүн ырга салат. Өзүнүн ички турмушун, жеке тагдырын келтире ачып көрсөткөн ырлары да көп.