БАРПЫ АЛЫКУЛОВ

АЛЫКУЛОВ Барпы (1884, Сузак р-ну – 1949, Бишкек) – кыргыз ырчылар поэзиясынын классиги, көп кырдуу  ойчул акын. Ал  он беш жашынан эл алдына ырдап чыккан. 30-жылдардын башында катуу ооруп, эки көзү жакшы көрбөй калат. Ошондон улам коомдук турмушка жалаң  ырчылык  өнөрү, нускалуу сөз күчү  м-н гана чектелет. Ырчылык жөндөмүнө  жергиликтүү  ырчылар түрткү  берген. Атасы Алыкул  Шамырза уулу да жамактап ырдачу экен. Экинчи жагынан, жаштайынан калк тарткан азапты тартып, турмуштун  социалдык конфликттерине аралаш  өскөнү чыгармачылыгынын табиятынан элдүү-лүк, реалисттик багытта кетишин шарттаган. А. көп кырдуу алп акын катары кыргыз көркөм сөз  өнөрү  м-н акыл кенчине терең  кирип, бекем орун алганын иш жүзүндө  таамай көрсөтүп, мезгил сынынан ишенимдүү  өткөн  өлбөс талант. Учурунда аны Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, каражаак Калмырза, Калык, Коргол, Осмонкул, Ысмайылдар зор баалап кетишсе, азыр адабият, илим, билим  өскөн кезде  да ал көп окулуп, көп ырдалып изилдөөгө  алынып жатат. Анын «Адам”, ”Адамзаттын балдары”, «Напси”, «Жоомарттык”, «Марттык”, «Сараңдык”, «Ач көз”, «Ушакчы”, «Келесоо”, «Эр жигитке  сын”, «Жигиттик”, «Аялдын жакшысы”, «Аялдын жаманы”, «Жакшы кыз”, «Жакшынын  жакшы билет сымбатын” аттуу ырлары  адам табиятынын өзүнчө бир системасын түзөт. Ал эми өзүнүн «Ажал”, «Сен дүйнө”, «Жар жыгылса суу бөгөйт”, «Октобой мерген аталбайт”, «Мөмөлүү дарак көгөртсөм”, «Бир ооз кеңеш”, «Болот”, «Болбойт”, «Жакшы экен”, «Турбайбы”, «Чери жазылат”, «Ынтымактуу эл”, «Бул куштардын санаты”  ж. б. санат термелеринде жарык м-н караңгыдан, өмүр м-н өлүмдөн, ый м-н күлкүдөн, жек көрүү м-н сүйүүдөн, жашоо кумары м-н  үмүтсүз шектенүүдөн турган бул дүйнөнүн  өзөктүк уюлдары м-н байланыш тамырларын таамай кармап айта билген. Анын махабат ырлары өз маалында кандай популярдуу, угумдуу, жагымдуу болсо, азыр да башкага салыштырганда эң  эле көп ырдалып жатат. «Мөлмөлүм”, «Гөзал кыз”, «Мырзайым”, «Лөлүкан”, «Гүл кыздар”, «Кара көз”, «Бурак жан”, «Ак жылдыз”, «Ак дилбар”, «Беш көкүл” «Балдызжан”, «Гүлайым”, «Сүйүүнү сүйүп ырдадым” ж. б. ырлары образдуу элестүүлүгү,  аруу сезим, асыл ойлорго жыштыгы, поэтикалык форманын жаңылыгы, бири-бирине окшобогон оригиналдуулугу, ар бири өзүнчө бүткөн кайталангыс дүйнө, кайталангыс адам тагдырын алып жүргөнү м-н айырмаланат. Ал  –  терме,  үлгү, насыят ырларынан баштап, сатиралык саптарына чейин адам дилин тазартып, ыйман аруулугуна, калыстыкка, адептүүлүккө, ынтымакка, акыйкатка ак кызмат  өтөөгө, гумандуулукка  өмүр бою чакырып, күрөшүп да өткөн нукура элдик таалим-тарбиячы катары бекем из түшүргөн акын болгон. Кыргызстанда анын айрым кыштак, мектеп,  шаар көчөлөрүнө улуу ырчынын ысымы коюлган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ