ЖУСУП БАЛАСАГЫН ЖАНА АНЫН «КУТ АЛЧУ БИЛИМ» ЧЫГАРМАСЫ

Жусуптун өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор өзү жөнүндө жазып кеткен кээ бир фактыларды анын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») поэмасынан кездештирүүгө болот. Жусуп 1010-101 б-жж. же, 1018-ж. Баласагын шаарында туулган. Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэма жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» деген наам берген. Мунун мааниси «Хасс» арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми «Улуг-Хасс-Хажиб» хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасы биздин ата-бабаларыбыздын рухий турмушунда кылымдардан бирдиктүү, өз ара байланыштуу эки маданияттын — отурукташкан жана көчмөн маданияттарыбыздын түпкү башатын ырастаган элдик кенч. Бул чыгармадан Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхы боюнча маалыматтарды алууга болот.

Азыркы учурда Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасынын үч нускасы сакталып тургандыгын билебиз. Бир нускасы Бена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фовдунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги кеңири тараган этикалык-дидактикалык эмгек.

«Кут алчу билимде» автор өз заманындагы адеп-этикалык принциптерди, идеяларды ошол доордун тарыхы, маданияты, дини менен шайкеш байланьппта карап, аларды акылтаразасына салып баалап, нарктап ой толгогон. Ошоядуктан бул чыгарманы адамзатка ар убак адеп-ахлактык азык болуучу этикалык энциклопедия катары бааласак ашыкча болбойт. «Кут алчу билимдин» этикалык мазмунун негизги төрт түшүнүк түзөт: адилеттик, акыл-эс, бакыт, каниеттик. Бул түшүнүктөр конкреттүү каармандардын образдары аркылуу берилген. Өкүмдар Күнтуу адилеттиктин, вазир Айтолду бакыттын, вазирдин уулу Акдилмиш — акыл-эс, вазирдин иниси Өткүрмүш каннеттнктин символдору катары сыпатталган.

Ойчул окууну, билимдүүлүктү дүйнө таанып билүүнүн эн негизги жолу катары баалайт. Окуу менен гана адам баласы акылын арттыра алат дейт акын. Демек, Жусуп Баласагындын ою боюнча акыл адам баласына табиятынан берилген касиет, бирок адам өз өмүрүи окуу, үйрөнүү, үлгү алуу сыяктуу жолдору меиен гана байыта алат. Албетте ойчул акын акылды адептүүлүк жолун тутуунун бирден-бир зарыл шарты эсептеген. Билимдүүлүк, билгичтик урмат-сыйдын да бешиги, билимдүү адам адеп жолун сактаса, анда ал жогорку сыйга татыктуу. Ал эми билимдин деңиз сымал түбү да жок, чеги да жок, аны каича сузсаң да бөксөрбөйт, тескерисинче толо берет. Акыл-эс, илим-билим касиеттерин автор ар намыс менен шайкеш карап, түркөй адам намыстан да куру болот деген тыянакка келет.

«Кут алчу билимде» акын өз доорундагы коомдун түзүлүшү тууралуу кеңири маалымат берет. Коомдогу бардык социалдык топтордун ээлеген орду, жүрүм-турум нормалары жөнүидө автор өтө ыклас коюу менен баяндайт. Адамгерчиликти Жусуп адептүүлүктүн туу чокусу деп түшүндүрөт. Адамгерчилик адам атыи асмандатып, затын жаркыратып, жашоонун улуу жолун ачат дейт ойчул.

Акылмандын айтымында адамдын ажатын ачкан, ойлонуп сүйлөгөн орундуу, омоктуу сөз пенденин адамгерчилик аброюн көтөрүп, атак-данкын арттырат. Ал эми ойлонбой айтылган орунсуз сөз же майдалап сүйлөгөн тантык сөз адамды жакшылыкка алып келбейт, азапка гана кириптер кылат дейт ойчул. Кыргызда «Өнөр алды кызыл тил» деп бекеринен айткан эмес. Ошол салттуу жолдун улантуучусу Баласагындык Жусуп да сөз баркын кадырлап маани бергендиги тегин жеринен эмес.

Жусуп Баласагын айткан сөзү менен аткарган ишинин, тактап айтканда адамдын сырткы жана ички дүйнөсүнүн дал келишине да атайын токтолгон. Анын ою боюнча адамдын нарктуулугунун бнр белгиси сөзү менен ишинин төп келгендиги. Андай адамга башкалар эки дүйнөдө ыраазы дейт ал. Ал эми сөзү суу кечпеген тантыкты, кадыры жок калпычыны автор нарксыз, адепсиз жандар деп баалайт. «Сөзүм өлгучө өзум өлөйун» деген кыргыз ылакабы да буга күбө.

Адамдардын адеп-ахлактык касиеттеринен Жусуп ойчул жөнөкөйлукту жана кичипейилдикти ашкере баалаган. «Кут алчу билимдин » бапшнан аягына чейин автордун жөнөкөйлүк жана кичипейилдик, мээрмандык тууралуу омоктуу ойлору көп ирет кайталанып айтылат.

Жусуп ойчул адамдын адамгерчилик сапатына дүйнөсүнө мүнөздүү болгон көтөрумдуулук, сабырдуулук сыяктуу сансыз көп нарктуу касиеттердин артыкчылыгын айтуу менен, мактанчаактык, шашмалык, сарандык сымал сапаттарды кара мүртөз жандарга мүнөздүү деп жектейт.

Гуманист ойчул улууларды урматтап сыйлоо сыяктуу изгилүү касиеттер алды менен үй-бүлөдө, ата-эненин тарбия таалими менен калыптана тургандыгын айрыкча бөлүп айткан. Үй-бүлө куруу, балалуу болуу адам өмүрүндөгү эң чон бакыт. Балалуу болгон соң ата-энеиин өздөрү үлгүлүү жүрүштурушту тутушу жөн. Анткени «уядан эмне көрсө, учканда ошону алат» дегендей, атаны көрүп уул, энени көрүп кыз өсөт. Ушул салттуу адеп жолун сап туткан тубаса философ ойчул ата-энеден тарбия көргөн балдар бактылуу болорун, балдары акыл-эстүү болсун деген ата-эие аларга жаштайынан билим берүүсү зарыл экендигин чыгармасында баса белгилейт.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор