БАЛДАР ФОЛЬКЛОРУ

Балдар фольклору элдик оозеки чыгармачылыктын өсүү жолун, генетикасын изилдөөдө бирден бир маанилүү булактардан болуп эсептелет. Ар бир фольклордук чыгарма өзүнүн пайда болуу жана өсүү жолунда ошол элдин улуттук көз карашын, географиялык аймагын, жашоо шартьш, салт-санаасын, маданиятын чагылдырат. Кандай гана жанр болбосун көлөмүнө, чагылдыруу, баяндоо процессинин өзгөчөлүгүнө карабастан, өзүнчө бир бүтүн ойго, философиялык жыйынтыкка ээ. Фольклордогу бай образдар, тема, мотивдер, формалар жогорку көркөмдүктө өздөштүрүлүп, жеке жана коллективдүү чыгармачылыктьш татаал диалектикалык биримдигинде пайда болору анык.

 

Рефератты көчүрүү