МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУЧУ ЖЫЙЫН Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы – Конституциялык  түзөтүүлөр жөнүндө 1994-ж. 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына  ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз  Респуб-ликасынын Конституциясына өзгөр-түүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп,  сунуштарды иштеп чыккан. Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана  республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын соста-вындагы М. Ч.  Ж.; сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын  составын-дагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 58-статьяда көрсөтүлгөндөй М. Ч. Ж-дын бийлик-укугуна төмөнкүлөр  кирет: мыйзамдарды кабыл алуу; өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышына  көзөмөлдүк кылуу; мыйзамдарга официалдуу түшүнүк берүү; эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана  денонсациялоо; аскер наамдарын, дипломаттык, даражаларды, класстык чиндерди башка атайын наамдарды белгилөө;  мунапыс жарыялоо; шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана  мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо; контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын, орун басарын жана анын  аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу; Кыргыз Республикасынын  Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу ж. б.  63-статъяга ылайык, М. ч. ж. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылышы мүмкүн. 1995-ж. 5-  февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык кеңешменин иштеп  чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.