«АТА-МЕКЕН» партиясы

«АТА-МЕКЕН» партиясы. Уюштуруу съезди 1992-ж. 7-ноябрда болуп, каттооодон ошол эле жылдын 16-декабрында өткөн. «А-М». партиясы «Эркин Кыргызстан» партиясынан бөлүнүп чыккан. «ЭрК» партиясы менен биригип «А-М». партиясын түзүшкөн. Партиянын төрагалыгына Камиля Кененбаева, анын орун басарларына Өмүрбек Текебаев, Улан Орозалиев, Кубан Бердалиев шайланышкан. Бул партиянын либералдык-центристтик принциптери төмөндөгүдөй: – коомдук турмушта компромисс жана консенсус жолу; – коомду эволюциялык реформалоо; – «эски» жана «жаңыны» оптималдуу айкалыштыруу; – мамлекеттик күчтүү социалдык саясат (Байларга-эркиндик, кедейлерге – камкордук). «А-М». партиясынын программалык максаттары уюштуруу съездинде кабыл алынган декларацияда берилген. Анда демократтык идеялдар: мыйзамдуулукту жактоо, адамдардын жана азчылык этностук топтордун укуктарын сыйлоо
менен биз реформаны активдүү колдойбуз жана рыноктук экономиканын базасын түзүүнү кубаттайбыз – деп белгилешет. Партиянын Уставында адамдын укугу мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору турган граждандык коомду түзүү, менчиктин бардык түрлөрүнүн тең укуктуулугун, жеке демилгенин эркиндигин камсыз кылуу максаттары коюлган. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу – «А-М». партиясынын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири. Жогорку Кеңештин кароосуна бул партия тарабынан 6дан ашык мыйзам долбоорлору коюлган: Конституциянын долбоору, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын долбоорлору ж. б. Өткөн парламентте «А-М». партиясынын фракциясы болгон. Бүгүнкү күндө «А-М». партиясы социалдык-либералдык принципти колдошууда, б. а. калктын социалдык жана экономикалык турмушунда мамлекеттин ролу күчтүү болууга тийиш. Өнүгүүнүн мындай жолу
либерализм менен социализмдин принциптеринин өз ара айкалышын билдирет. Алардын ою боюнча социал-либерализм менен социал-демократия бирине-бири өтө жакын агымдар. Бирок, социал-демократиядан айырмаланып, «А-М». партиясы таптык да, этностук да, диндик да эмес. Алар өздөрүн элдик партия, компромисстердин, социалдык консенсустун жана ортокчулуктун партиясы деп эсептешет. Ысык-Көл областынан башка бардык областтарда «А-М».
партиясынын баштапкы уюмдары бар. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кампаниясына активдүү катышкан партиялардын бири. «Эмгек, Тартип, Адилеттүүлүк», «Кедейлерге мамлекеттик камкордук жана жеке демилгеге эркиндик» ж. б. ураандары бар. «А-М». партиясынан депутаттыкка 45 талапкер көрсөтүлүп, алардын жетөө депутат болуп калышты: Мыйзам чыгаруу жыйынына: Ө. Текебаев, А. Кадырбеков, Ж. Жоробеков, Р. Ачылова; Эл өкүлдөр жыйынына: М. Айбалаев; Ж. Орозбаев, В. Диль. Партиянын II съездинде (1994-ж. 19-ноябрь) анын кеңешинин төрагалыгына Өмүрбек Текебаев, орун басарлары болуп К. Кененбаева, У. Орозалиев жана А. Адаханов шайланышты.

 

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети