Ысык-Көлгө «Титаник» сүзсө кандай болмок?

Ысык-Көлгө дүйнөдөгү ири кемелердин бири болгон титаник сүзсө кандай болмок, Ысык-Көл тууралуу сиз билбеген фактыларды жана абсурд аралаш кызыктуу эксперименттерди сунуш кылабыз.
Ысык-Көлгө титаник сүзсө кандай болмок? Эң алгач Титаниктин көлөмүн тактай турган болсок узундугу 269 м, туурасы 28 м, ал эми Бийиктиги 18 жарым метр, 1911 жылы курулушу аяктап азыр 109 жашта болмок. Ал эми Ысык-Көл болсо биздин заманга чейин 2 кылымда кытай жазууларында эскерилип Же Хай же “жылуу көл” деп аталып, байыркы көл болуп саналат.
Мындай чоң көлөмдөгү кемени жүктөп келүү мүмкүн болбогондуктан, бөлүктөрүн өзүнчө алып келип Ысык-Көлдүн жээгине чогултуу керек болмок. Андай болсо кеме чогултуучу завод курулуп 1000 ден ашык киши жумуш менен камсыз болмок. Завод курулуп, 1000 кишиге жумуш берилди дейлик. Экинчи кадам Балыкчынын жээгине чоң кеме токтоочу жай дагы курулмак. Себеби, Балыкчыдагы кичинекей токтотуучу жайлар жарамак эмес. Титаник Курулуп бүтүп сүзүүгө чыкканы турат дейли. 2439 адам батчу Титаникке 7000 миң кыргыз батып алмак дагы алардын көбүнчөсү чоңдордун туугандары-тааныштары болмок. Кемени жүргүзүүчү 899 өздүк экипажды 300 гө кыскартып, аларды айылдагы карапайым адамдардан алмак дагы, калган 600 орунду чоңдор кайра бөлүшүп алмак. Эртең мененки саат 10до сүзүүгө чыга турган кеме түшкү саат 2де араң чыкты дейли. Ысык-Көлдүн эң узун жери болгон Балыкчы-Каракол маршруту 182 км түзөт. Бул машрутту басып өтүү үчүн Титаникке 4 жарым саат керектелмек, себеби, ТИтаниктин ылдамдыгы саатына 42 чакырымды гана түзө алган. Бирок, Титаник бул аралыкты 4 жарым саат эмес 8-9 саатта жүрүп өтмөк. Себеби, Ысык-Көлдүн ортосуна жеткенде кыргыздар тамактанып, балык кармап, Титаниктен көлгө секирип 3-4 саатын коротмок. Балыкчыдан узаткан тууган-тааныштары автоунаа менен Караколго 3 саатта барып орус саякатчысы Николай Михайлович Пржевальскийдин күмбөзүнөн алыс эмес жерде дагы 4-5 саат күтүшмөк. Пржевальский Ысык-Көлдүн кооздугуна ушунчалык суктанган, өлгөндөн кийин сөөгүн кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгине коюлушун суранган.
Ал эми орус космонавты Алексей Леонов болсо Ысык-Көлдү космостон көрүп аябай суктангандыктан жердин кареги деп атаган.
Ал эми Ысык-Көлдүн туурасы болгон 58 чакырым жерди Титаник бир жарым саатта басып өтмөк.
Титаник Ысык-Көлдө өзүн ээн эркин эле сезмек, себеби Ысык-Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, ал эми эң терең жери 702 метрди түзүп, дүйнөдө көлдөрдүн арасынан тереңдиги боюнча жетинчи орунда турат. Эгер Титаник чөгүп кетсе анда эски шаардын урандыларынын арасынан табылмак, себеби көлдүн түбүндө чынында эле байыркы шаардын калдыктары табылып келген. Бул шаар байыркы Усун мамлекетинин борбор калаасы болгон Чигу шаары деген жоромолдор айтылып келет.
Бирок Титаник эгер чөксө анда музду сүзүп чөкмөк эмес. Анткени, Ысык-Көлдө муз болбойт. Кышкысын аба ырайы минус 20га жетсе дагы суусу туздуу болуп, көлдүн үстүндөгү желден улам көбүнчө толкун болуп тургандыктан Ысык-Көл эч качан тоңбойт. Суудагы туздун көлөмү 5,8 пайызды түзөт. Бирок, Эгер Титаник чөксө анда ракеталык чабуулдан улам чөкмөк. Себеби Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабында россиялык аскер базасы суу түбүндө ракеталарын сыноодон өткөрөт. Эмне үчүн Ысык-Көл деген суроого жооптордун бири болуп көлүбүздүн суусунун көрсөткүчтөрү жана касиеттери дүйнөдөгү ири деңиздер жана океандар менен окшош деген жооп болот.
Негизи дүйнөдөгү эң чоң кемеге Ысык-Көлдө сүзүү оорчулукту жаратмак эмес, себеби, кеме тургай адамдар, тору айгыр, ак кой сыяктуу жаныбарлар деле Ысык-Көлдө жыргап эле сүзүп жүрүшкөн.
Мындай эксперименттен кийин Титаникти кайра жыйнап алып кетүү дагы да чыгымдарды алып келмек. Андыктан, чыгымдарга дуушар болуп отурбай Ысык-Көлгө таштап кетүү чечимине келишмек. Мындай эксклюзивдүү белекке ээлик кылуу үчүн эчен чоңдор жүгүрмөк, карапайым калк болсо элге калсын деп кыйкырып комиссия түзүп митингге чыкмак.
Кандай болсо да Кыргызстан үчүн чоң пайда болмок. Ысык-Көл менен биргеликте Титаникти көрүү үчүн туристтер келмек, долбоорду ишке ашырууда акча жеди деп чоңдор кармалмак, кыргыздар кызыктай экмперимент жүргүздү деп дүйнөгө таанылмак. Кыскасы сонун болмок.

Төмөндө макаланын видеоверсиясын көрүңүз