ПАРЕТО Вильфредо

ПАРЕТО Вильфредо (1848–1923) – италиялык экономист жана социолог. Саясий илимге киргизген П-нун негизги  салымы – элиталар теориясы. «Жалпы социологиянын трактатында» ал «Адамдардын жүрүм-туруму саясий философия,  метафизика, теология сыяктуу анык булактар менен эмес, өз «калдык» деп аталган, терең тамыр жайган психологиялык  стимулдар менен түшүндүрүлөт» – деген. П. «калдыктын» эки негизги табын белгилеп кеткен: 1-тап «комбинациялардын  инстинкти», элестетүү, ойлоп чыгуу жөндөмдүүлүгү; 2-тап, «агрегаттардын туруктуулугу», бошоң, консервативдүү  тенденция. П. бардык коом башкаруучуларга (элитага) жана башкарылуучуларга бөлүнөт деп ырастайт. Башкаруучу  элитадан карама-каршы сапаттардын болушун талап кылат. Башкаруу ийкемдүүлүккө, куулукка, ынандыруу күчүнө  муктаж. Бирок ошол эле учурда ал оппозицияны басуу үчүн зордук-зомбулукту, күч пайдаланууга даярдыкты талап  кылат. П-го ылайык бул сапаттар эки карама-каршы психологиялык типтер – 1-тип – «түлкүлөр» жана 2-тип –  «арстандарга» ылайык келип, кандайдыр-бир элитада сейрек учурда гана айкалышат. Саясий өзгөрүүлөр элитаны  алмаштыруу («элитанын циркуляциясы») жолу менен ишке ашат. Бул элиталардын башкарууну жүргүзүү үчүн  психологиялык жараксыз болуп калышынын натыйжасында жүрөт. Саясий интригалардын жардамы менен эң сонун  макулдашууга келүүчү «түлкүлөр» зарыл учурда күч колдонууга жөндөмсүз. Ошондо анын ордуна 2 типтин  («арстандар») мүнөздүү белгилери бар контр-элита келет. Ал чечкиндүү иш-аракет жасоого даяр. Тарыхта элитанын бул  эки түрүнөн циркуляциясын күбөлөндүргөн окуялар көп кездешет.