КОНСЕРВАТИЗМ

КОНСЕРВАТИЗМ (франц. conserva-tism – сактоо) – 1) саясий философия, б. а. коомдук кыймылдарга, массага  ишенбөөчүлүк, революциячыл өзгөрүүлөрдү тануу, мында ХVIII к. Э. Берк тарабынан негизделген индивидуализм менен  чыгармачылыкка традиционализмди каршы коюу; 2) Саясий күчтөргө, коомдук катмарларга, индивиддерге тиешелүү  болгон акыл-эстин багыттуулугу, ал традиция, стабилдүүлүк, тартипке негизделет; 3) саясий практиканын деңгээлинде  Англиядагы консервативдик ж. б. партиялардын программалык курсу. АКШда консервативдүү агым республикалык  жана демократтык партияларда да бар. К. социалдык философиясы «Мыйзамдын күчү менен теңөөгө болбой турган  социалдык, таптык айырманын болушу, дин тарабынан санкция алган универсалдуу, моралдык тартип, эркиндик үчүн  жеке менчиктин маанилүүлүгү, адамдын аң-сезиминнн чектүүлүгү, саясий бийликтин тең салмактуулугу керек» – деп  үйрөтөт. К. идеологиясынын үч түрү бар: традиционализм, либертаризм жана неоконсерватизм. I – түрү –  традиционализм – классикалык капитализмге, «өткүндөгү жакшы заманга» тиешелүү моралдык салт-санааларды сактап  калуу мүнөздүү; 2 – түрү – либертаризм – индивиддин эркиндиги эч нерсе менен чектелбешин коргоп, өзүнчө саясий  теория иштеп чыгышкан; 3 – түрү – неоконсерватизм – адам эркиндигин, коомдун өнүгүшүн демократташтыруу ж. б.  колдоп, ал мамлекеттик капитализмге, улутташтырууга, жалпылаштырууга каршы, инсан чарбанын рентабелдүү  эместигин даана бөлүүгө тийиш деп эсептелет. Саясий К. – коомдогу жаңылыктарга сын көз менен карайт, анын  жашоочулары экономикалык, социалдык, саясий түзүлүштү сактоого жардам берген гана жанылыктарды кабыл алуусу  керек деп сунуш кылат. К-дин жогоруда каралган структурасы менен катар илимий-техникалык прогресске таяныч  жасаган, демократияга каршы коюлган технократтык К. да бар. Ага ылайык мамлекет массадан бөлүнүп, башкаруу  негизинен профессионалдардын колуна берилет.

Рентабелдүү эмес мамлекеттик ишканаларды приватташтырууга, бизнес  сферасындагы ар кандай чектөөлөрдү алып салууга, жаңы техника менен технологияны кийирүүгө, базалык тармактарды  реконструкциялоого, капиталды борборлоштурууга, үнөмдүү күчөтүүгө, бюрократтык аппаратты кыскартууга жана  өндүрүш менен башкарууну уюштурууну өркүндөтүүгө багытталган консерваторлордун саясаты. Батыштын бир катар  өлкөлөрүндө олуттуу жыйынтыктарды берди. Алсак, Тэтчер М. баш болгон Улуу Британиянын Консервативдик  Партиясы бийликте турган он жылдын (1979–1989) ичинде өлкөнү кризистен чыгарууга, өнөр жай өндүрүшү-нүн,  калктын кирешесинин олуттуу өсүшүнө, инфляциянын азайышына жетишти. Тышкы саясатта К. көп-чүлүк учурда күч  колдонуу, жаңы со-гуштук программаларды жайылтууну, ядролук куралдарды модернизациялоону, талаш  проблемаларды чечүүдө бөлүнүүчүлүк ыкмаларды пайдаланууну колдойт.