ПЕДАГОГИКА

Педагогика – тарбиялоо, билим берүү жана окутуу проблемаларын изилдеп үйрөнүүчү теориялык жана прикладдык  илимдердин жыйындысы. Университеттерде, институттарда ж. б. окуу жайларында адистештирилген программалар  боюнча окутулуучу курс да педагогика деп аталат. Педагогика адегенде балдарды тарбиялоонун теориясы катары  өнүккөн. Азыркы педагогика окутуу жана тарбиялоо, маданий-агартуу, агитациялык-пропагандалоо, адистердин  кесиптик билимдерин өркүндөтүү проблемаларын камтыйт.  

Тарбиялоо башка илимдерде да үйрөнүлөт: социологияда тарбиялоо коомдун жана мамлекеттин функциясы катары,  ал эми психологияда болсо инсандын руханий, ички духунун өнүгүшүнүн шарты катары каралат. Педагогика тарбиялоо  процессинин закон ченемдүүлүктөрүн, анын структурасын жана механизмдерин изилдейт, окутуу жана тарбиялоо  процессинин теориясын жана аны уюштуруунун методикасын, мазмунун, принциптерин, уюштуруу формаларын,  методдорун жана ыкмаларын иштеп чыгат.