Педагогиканын тармактары жана бөлүмдөрү, алардын башка илимдер менен болгон байланыштары

 Педагогика өсүп-өнүгүү жолунда анын айрым бөлүмдөрү билимдердин өз алдынча тармактарына бөлүнгөн. Мис.,  билим берүүнүн жана окутуунун теориясы (дидактика), тарбиялоонун теориясы, мектеп ишин уюштуруу жана аны  башкаруу жөнүндөгү билимдердин системасы (мектеп таануу). Айрым окуу предметтерин окутуунун методикалары да  педагогика тармактары болуп эсептелет. Бул методикаларга салыштырмалуу, дидактика жалпы методика, ал эми  предметтик методикалар айрым (жеке) дидактикалар деп эсептелинет. Бирок, бул айырмачылык шарттуу гана. Мис.,  математиканы окутуунун методикасы дидактикага салыштырмалуу – жеке методикалардын бири, бирок математиканын  айрым бөлүмдөрүн (арифметиканы, алгебраны, геометрияны) окутуунун методикасына салыштырмалуу, ал мында эми  жалпы  методика катары каралат. Методикалар жалпы педагогикалык, дидактикалык негизде гана ийгиликтүү өсүп- өнүгүшү мүмкүн. Бирок, методикалардын ар биринин мазмуну дидактикалык жоболорду конкреттештирүү менен эле  чектелбейт. Ар түрдүү тармактагы педагогикалык иш  тажрыйбаларды үйрөнүп, жалпылап, предметтик методикалар  ошол тажрыйбанын бөтөнчөлүгүн чагылдыруу менен дидактиканы байытышат.  Дене-боюнун жана психикасынын кемчилиги бар балдарды тарбиялоо, аларга билим берүү жана окутуунун теориясы  дефектология болуп эсептелет. Ал илим сокур балдарды тарбиялоо, билим берүү, окутуунун теориясын  –  тифлопедагогиканы, дүлөй-дудуктарды тарбиялап окутуу теориясын  –  сурдопедагогиканы, кем акыл балдарды  тарбиялап окутуу теориясын  –  олигофренопедагогиканы өз ичине камтыйт. Баланын речинин бузулуусун алдын ала  эскертүүнүн жана аны оңдоонун жолдору логопедияда каралат.  

Педагогиканын тарыхы дайыма өзгөрүп турат. Өткөн мезгилде ачылган жаңы факттар эми тарых болуп калат,  анткени мурун белгилүү болгон кубулуштар коомдук өнүгүүнүн жогорку  азыркы деңгээлинде жаңыча талкууланып  кабылданат, илимий билимдин жалпы процесси тарыхый-педагогикалык процесстерди кайрадан аңдап көрүүгө  мүмкүндүк берет.  Педагогикалык билимдердин ички бөлүмдөрү ар түрдүү багыттарда дифференциацияланат: тарбиялоонун айрым  жактарын иликтөөчү бөлүмдөр (мис., адептик, эстетикалык, физикалык, саясый тарбиялоонун теориясы жана  методикасы); үй-бүлөдө жана билим берүүнүн түрлүү мекемелеринде таалим-тарбия берүү иштерин  системалаштыруунун тажрыйбасы боюнча, мис., интернаттуу мектептердин педагогикасы, узартылган күндүн  мектебинин педагогикасы, кесиптик-техникалык билим берүүнүн педагогикасы, жогорку мектептин педагогикасы,  мектепке чейинки тарбиялоонун педагогикасы, мектептик педагогика жана ушул сыяктуу бардыгы жалпысынан  “Курактык педагогикага” таандык. Мында ушундай бөлүштүрүүгө карата педагогиканын адистештирилген курстары  түзүлөт.  Өткөн кылымдын 20-жылдарынын башында дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү тарбиянын типтерин жана билим  берүүнүн системасын генетикалык-салыштыруу методу менен изилдөө максатында салыштырмалуу педагогика келип  чыккан.  Адамга таалим-тарбия берүү – бул дайыма социалдык көрүнүш; таптык коомдо ал таптык мүнөздө болот. Педагогика  социалдык илим катары пайда болуп калыптанган. Ал коомдук билимдердин системасында  болуп, дайыма коомдук  башка илимдер менен биринчи иретте философия, этика, эстетика менен тыгыз байланышта өнүгүп жатат. Адам  жаратылыштын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, анын физикалык жана психикалык өсүп-өнүгүшүн социалдык- биологиялык процесс деп эсептөөгө болот. Демек, педагогиканын абалы көбүнчө табигый илимдердин (биологиялык,  физиологиялык, генетикалык билимдердин) деңгээлине көз каранды. Мис.; физикалык тарбиялоонун теориясы адамдын  анатомиясына жана физиологиясына негизделет, дефектология болсо – педиатрия жана психиатрияга таянат.   Жалпысынан азыркы педагогикага антропология, социология жана психология менен байланышты күчөтүү  мүнөздүү. педагогиканын коомдук башка илимдер менен болгон байланышы көп кырдуу, өтө эле татаал жана  өзгөрмөлүү. Педагогиканын ырастоосу боюнча тарбиялоо иши коомдук турмуштун объективдүү закон  ченемдүүлүктөрүн үйрөнүүнүн негизинде, тактап айтканда ар түрдүү коомдук-тарыхый шарттардагы балдардын  турмушун жана өсүп-өнүгүшүн иликтөөнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Мына ошол социалдык шарттар өсүп- өнүгүүгө кандайча таасир этээрин, коомдук идеологиянын инсандын психологиясына тийгизген таасири эмнеден көрүнө  тургандыгын, коомдо топтолгон билимдер кандайча индивиддин (жеке адамдын) руханий байлыгы болуп кала  тургандыгын педагогика изилдейт. Ошондуктан азыркы педагогикада изилдөөлөр социологиялык, психологиялык,  педагогикалык анализ менен комплекстүү жүргүзүлөт.