АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ (АОС — ) ж-а аны түзүүгө байланышкан окуу программасы.

  ЭЭМди түрдүү предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация ж-а маалымат берүүдө; окуучуга жекече мамиле  кылуу  м-н  убакытты  кыскартууда  ж-а  окутуунун  сапатын  көтөрүүдө;  окуу  программасын  иштеп  чыгууда  программалоонун  алгоритмдик  тилдерине  салыштырмалуу  убакытты  5  эсе  кыскартууда;  группалардын  ж-а  ар  бир  окуучунун  окуу  ишмердиги  тууралуу  жыйындарды  уюштурууда  ж-а  статистикалык  маалыматтарды  эсептөөдө  колдонулат;  Ага  төмөндөгүдөй  талаптар  коюлат:  ал  адаптацияланган,  б.  а.  окуу  процессинин  конкреттүү  керектөөсүнө  ылайыкташтырылган болуусу, түрдүү окуу процессине карата универсалдуу келип, аны педагогикалык изилдөөлөрдө ж- а  эксперименттерде  колдонууга  мүмкүнчүлүк  түзүлүшү  керек,  о.  эле  ал  окуу  программаларын  ж-а  материалдарды  дифференциациялоо ж-а кеңейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл.

 

Кеңири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС  ВУЗ» (ЭВМ ЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн). Мис., академик А. П.  Ершовдун  жетектөөсү  астында  иштелип  чыккан «Школьница»  АОС  окуучуларды  ЭЭМдин  мүмкүнчүлүктөрү  м-н  тааныштырууга, программалоо ыктарын калыптандырууга, окуу процесстерин башкарууну уюштурууга, окуучулардын  билимдерин  автоматташтырылган  контролдоону  уюштурууга,  математикалык,  физикалык  ж.б.  маселелердин  чыгарылышын  камсыздоого,  машыгуу  көнүгүүлөрүн  өткөрүүгө,  физикалык  ж.  б.  процесстердин  ж-а  кубулуштардын  моделдөө ж-а имитация программасын  колдонууга, оюн  кырдаалынын негизинде маалымат  кызыкчылыгын өстүрүүгө,  ЭЭМди  информациялык  камсыздоо  системасы  катары  колдонууга,  ЭЭМди  физикалык  процесстердин  ж-а  кубулуштардын демонстрациясы үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет.  43  Системанын киришүү тили болуп окуучуларга «Информатиканын негиздери жана эсептөө техникасы» окуу китебинен  тааныш  окуу-өндүрүштүк «Рапира»  тили  жана  о.  эле  графиктерди  чийүүгө,  сүрөттөлүштү  экранга  чагылдырууга,  мультфильм  түзүүгө  мүмкүн  болгон «Шпага»  графикалык  пакети  саналат.  Башталгыч  класстын  окуучуларын  окутуу  үчүн Робик тили колдонулат.