Суроо белгиси

Суроо белгиси да бир эле мезгилде эки түрдүү милдетти аткарат: сүйлөм аягына коюлуп, аны экинчи сүйлөмдөн ажыратып бөлүп турат, ал сүйлөмдүн маа ни жактан аяктагандыгын билдирет; экинчи жагынан, анда суроо мааниси бар экендигин көрсөтөт. Суроо белгиси экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында суроо маанисинде айтылган сүйлөмдөрдүн аягына коюлат.
Суроолуу сүйлөмдөр да түзүлүшү жагынан ар түрдүү болот.
1. Суроо белгиси баяндоочтун аягына -бы суроо уландысынын жалганып айтылышы менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: − Мойнуңдагы милдетти унуттуңбу? (Ч.А.) − Таякем келдиби? (Т.С.) Окууга тоскоол барбы? (К.Б.) − Кечтен бери эс-учуңузду билбей жатканыңызды билесизби? (Ч.А.)
2. Тутумуна сурама атоочтун катышуусу менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: — Эмне кабагыңды бүркөйсүң? (Н.Б.) — Эми бул вагондорду кайда алып бара жатышат? (Ч.А.) — Анын атасы кайда иштейт? (Ч.А.) — Атаке, апамды кайсы жерге көмдүңөр? (М.Э.) Айрым учурда мындай суроолуу сүйлөмдөрдөн кийин ыя сурама бөлүкчөсү келип, алардагы суроо маанисин дагы да тактап, күчөтүп көрсөтөт: − Ар бирине үч жуптан даярдап берсем жетпейби ыя? (Ч.А.) − Бу эмне деген кеп ыя? (Т.С.)
3. Суроо белгиси ээ сурама бөлүкчөсүнүн катышуусу менен уюшулган суроолуу сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: − Эркинбек, сен былтыр кош айдагансың ээ? (Ч.А.) − Тайдын этинен да артык экен ээ? (Ч.А.)
4. Бейм (бы + де + й + м), беле (-бы + эле), бекен (-бы + экен) жардамчы сөздөрү да баяндоочтун тутумунда айтылып, суроолуу сүйлөмдөрдү уюштурат, мындай учурда алар суроолуу интонация менен айтылат: Сиз байкабай каласыз бейм? — Агай, сиз самолёттон секирдиңиз беле? (Ч.А.)
5. Кээде күмөндүү го бөлүкчөсүнүн, өтүнүү, сурануу маанисиндеги -чы мүчөсүнүн жардамы менен суроолуу сүйлөмдөр уюшулат, дайыма суроо интонациясынын коштоосу менен айтылат. Андай түзүлүштөгү сүйлөмдөр суроо мааниси менен бирге болжолдоо, өтүнүү маанисин да кошо камтыйт: − Чамасы, небереси болосуң го? (Т.С.) — Ушул кубанычыңа караганда, Касейиниңден кат келген го сага? (Т.С.) Көзүңөр курчуңар жакшылап байкагылачы? (Т.С.)
6. Айрым учурда «чыгар» модалдык сөзү баяндоочтун тутумунда айтылып, суроолуу сүйлөм уюшулат, суроо интонациясы менен айтылат: — Атаң экөөңдүн мага көрсөткөн кордугуңар эсиңде чыгар? (К.Ж.) Жазгы талаа жумушуна кызуу даярданып жаткан чыгарсыңар? (газетадан) Бирок тутумунда суроо маанисин берүүчү жогоркудай грамматикалык жана лексикалык каражаттары бар сүйлөмдөрдүн баарын эле суроолуу сүйлөм деп эсептеп, аягына суроо белгисин коё берүүгө болбойт. Алардын туюндурган маанисине кылдаттык менен көңүл буруу керек. Эгерде андай сүйлөмдөр экинчи бирөөдөн жооп алуу максатында тикелей суроо маанисинде айтылбай, бир нерсе жөнүндө жайынча гана баяндама берсе, аягына суроо белгиси эмес, чекит коюлат. Мисалы: Ал көптөн бери комбайн айдап жүрбөйбү. (Ч.А.) Бул сенин колуңдагы иш эмеспи. (К.Б.) Бирок аттар мындай абалга жетет деп ким ойлоптур. (Ч.А.) Анын артынан кубаламак беле. Анда балдар ого бетер күлбөйбү. (Ч.А.) Султан кечээ эле келген чыгар. Кандай жооп берүүнү билем го. (Н.Б.)
7. Кээде курамында суроо маанисин берүүчү сурама ат атооч же суроо уландысы (-бы) катышпаган сүйлөмдөр суроо интонациясы аркылуу суроолуу сүйлөмдүк касиетке жетише алат. Оозеки сөздө мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөр интонациянын жардамы аркылуу гана суроолуу мааниге жетишет. Жазуу сөзүндө алардын суроолуу сүйлөм экендиги аягындагы суроо белгисинен билинип турат. Андай суроолуу сүйлөмдөр көбүнчө суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө кездешет. Мындай түзүлүштөгү суроолуу сүйлөмдөр, адатта, өзүнөн мурунку сүйлөмдө айтылган ойдун айрым бир учурларын тактоо иретинде колдонулат. Мисалы: Суусамырга кыштамак болушту, — деди Күлжан. — Суусамырга? Койсоңуз, тамаша кылып жатасыз го, — деп, Бүбүш ишенген жок. (Н.Б.) − Биздин зоотехник кызды көрдүңүзбү? — деп сурады Сурма. − Зоотехник кызды? деп, Мурат ойлоно түштү. (Н.Б.) − Эгер ага түшүнбөсөң, мактанчааксың. − Мактанчаак? Тапкан экенсиң! (Н.Б.)
8. Татаал сүйлөмдөрдө суроо мааниси, ал сүйлөмдүн түзүлүш өзгөчөлүгүнө карай, бүткүл татаал сүйлөмдү, же тутумундагы бир жөнөкөй сүйлөмдү, же болбосо тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдү камтыйт. Бирок бардык учурда тең суроо белгиси татаал сүйлөмдүн аягына гана коюлат: Окуучулар экскурсияга чыгып, ботаника кабинети үчүн гербарийлер чогултуштубу? (Суроо мааниси бүткүл татаал сүйлөмдү камтыды.) Энелердин айтканы да туура, бирок башка арга кайсы? (Суроо мааниси экинчи жөнөкөй сүйлөмдү гана камтыды.) Эмне үчүн ошондо боштук кылдым, эмне үчүн Алимандын сөзүнө жаш балача соорондум? (Суроо мааниси татаал сүйлөмдүн тутумундагы ар бир жөнөкөй сүйлөмдү камтып турат.)
9. Айрым учурларда тутумунда суроо уландысы -бы же сурама ат атооч катышкан сүйлөмдөр суроо маанисин туюндурбай, адамдын ар кандай ичкй сезимин билдирип, түрдүү эмоция менен айтылат. Мындай учурда сүйлөмдүн аягына суроо белгиси эмес, илеп белгиси коюлат: Кайран азаматтар, тоо ураса болбойбу да, көл төгүлсө болбойбу! (Ч.А.) Оо, жарыктык десе! Бая эле ошентип айтпайсыңбы! Ал кантип өз жанын өзү кыйсын! (К.Ж.)
10. Эгерде сүйлөмдө суроо мааниси менен бирге ар түрдүү ички сезимди туюндурган эмоционалдык маани да болсо, аягына суроо жана илеп белгиси кабаттала коюлат: — И — и бетим, ушундай да уяты жок болобу?! (М.Абд.) Жашагандан артык эмне бар?! (К.Ж.)