Сүйлөм аягына коюлуучу тыныш белгилери. Чекит.

Бүткөн ойду билдирген сүйлөмдөрдүн аягына же чекит, же суроо, же илеп белгиси коюлат. Бул белгилердин ар бири эки түрдүү милдетти аткарат: биринчиден, сүйлөмдө айтылган ойдун аяктаганын билдирет; экинчиден, ал сүйлөм кандай максатта, кандай мааниде айтылгандыгын (жайынча айтылгандыгын, же суроо маанисинде экендигин, же болбосо эмоция менен (ар түрдүү ички сезим менен айтылганын) көрсөтөт. Чекит Чекит жазылып жаткан кандайдыр бир ой толук аяктагандан кийин коюлат да, ал сүйлөмдү өзүнөн кийинки экинчи сүйлөмдөн бөлүп турат.

Чекит — жазуу сөзүндө сүйлөмдүн толук бүткөндүгүн билдирүүчү сырткы белги. Чекит дайыма жай сүйлөмдүн аягына коюлат. Жай сүйлөм аркылуу сүйлөөчү угуучуга бир нерсе тууралуу жайынча гана түшүнүк берет. Оозеки сөздө жай сүйлөмдүн аягында үн акырындык менен төмөндөп айтылат. Жай сүйлөмдөр синтаксистик түзүлүшү жагынан түрдүүчө болот. Алар жалаң же жайылма сүйлөм, толук же кемтик сүйлөм, жөнөкөй же татаал сүйлөм түрүндө кездешет. 1. Чекит грамматика жагынан толук уюшулган жөнөкөй жай сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Алар жалаң же жайылма сүйлөм түрүндө болушу мүмкүн: а) Бороон басылды. (К.Б.) Жапар кубанды. (К.Б.) Сен кечикпе. (А.Т.) Чал кайгырат, жанталашат. (К.О.) б) Шамбеттин демилгеси бизди кызыктырды. (Т.С.) Эриндери дирилдеген Жамийла Осмонду бардык күчү менен жекирди. (Ч.А.) 2. Кандайдыр бир нерсе жөнүндө жайынча баяндаган татаал сүйлөмдөрдүн аягына коюлат: Шаардан чакырылгандардан академик Сулайманова да келди, ал ошондо элүүлөргө барып калган экен. (Ч.А.) Анын кымындай да жакшылыгы тийбегени менен, Жумабай аны арка тутчу. (Н.Б.) Согуштан кийин да жылдар өтүп жатты, бирок айылга бара албай жүрдүм. (Ч.А.) 3. Кемтик сүйлөмдөрдөн кийин коюлат: Батманын оорусу күчөдү. Төшөктөн тура албай калды. (К.Б.) (сүйлөмдүн ээси кемиген). Сегиз үй-бүлөөнү отун менен камсыз кылышты. (Н.Б.) (ээси кемиген). Кемтик сүйлөм көбүнчө суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө кездешет. Мындай учурда бир сөз да сүйлөмдүк маанини билдирип калат: − Кайдан келатасыңар? − Тоодон. − Эмнеге бардыңар эле ? − Алча тергени. (М.Жанг.) 4. Буйруу, сунуш кылуу маанисиндеги сүйлөмдөр кучтүү сезим менен эмес, жайынча гана кабарлоо маанисинде айтылса, андай сүйлөмдөрдүн аягына да чекит коюлат: Адамдын акысын жер кайтарат. Колхоздун жумушуна чык. Огородуңду таштаба. Балага сак бол. Жаңылыктарды үзбөй жаз.(Т.С.) − Ой, Зуура, сен да камынгын. Эч кандай шылтоо болбосун. (Ч.А.) Эскертуү: Эгерде ушул сыяктуу эле буйруу, өтүнүү маанисиндеги сүйлөмдөр күчтүү эмоционалдык сезим менен айтылса, алардын аягына илеп белгиси коюлат: − Бол, Зукеш! Жарым мүнөткө жетпей баары даяр болсун(Т.С.) Былк этпегиле! Колуңарды көтөргүлө (Т.С.) — Сен ушул биздин тоо үчүн, биздин көл, биздин жер үчүн күрөш! (Т.С.) 5. Атама сүйлөмдөрдөн кийин чекит коюлат. Атама сүйлөм көбүнчө көркөм адабий чыгармаларда табияттын көрүнүшүн, айлана чөйрөнү, ички сезимди ж.б. сүрөттөөдө учурайт: Райкомдун контору. Контордун алды — арык. Арыкта аккан суу бар. Суу боюна тигилген көк терек. (К.Б.) Чөп чабынды маал. Тоо сууларынын кирген кези. Саратан чаңкып, жер какшыган күндөр. Станцияга келсең, араба-көлүктөн басарга жер жок. (Ч.А.) 6. Бир тутумдуу жөнөкөй сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Мындай түзүлүштөгү сүйлөмдөрдө грамматикалык ээси болбойт, бир гана баш мүчөсү — баяндооч болот. Бир тутумдуу сүйлөмдү түзүүчү негизги уютку болуп ошол баяндооч мүчө эсептелет. Адатта, андай баяндоочтун багыныңкы айкындооч мүчөлөрү да болот: Бирок ишти дагы да тездетиш керек. (Ч.А.) Убаданы бузууга жарабайт. (К.Ж.) Бул ремонтту тездетпесе болбойт. (Т.С.) 7. Чекит сөз — сүйлөмдөрдүн аягына коюлат. Сөз — сүйлөмдөр бир сөздөн же ажырагыс сөз айкашынан туруп, бир бүтүн ойду туюндурат. Сүйлөмдүн бул түрү өзүнчө жеке колдонулбайт. Алар дайыма суроо-жооп иретинде айтылган сүйлөмдөрдө колдонулат да, маани жагынан ошол өзүнөн мурунку сүйлөмдө айтылган ойду ырастоо, тануу, кубаттоо, макул болуу, сурап тактоо ж.б. маанилерин билдирет. Мисалы: — Анан машинаны сүйрөп чыктыңарбы? − Ооба.(Ч.А.) − Эмне, мени чакырып жатышабы? − Жок.(Ч.А.) − Ата, байкем Динараны бүгүн үйгө алып кетем деп жатат. − Мейли. (Т.С.) 8. Драмалык чыгармаларда ар бир сүйлөөчү кишинин атынан кийин чекит коюлат: Эркин. Ошол Жапек Каныбектин досу дешкени чынбы? Тоту. Бала чактарында дос болушуптур. Анархан. Ошол Каныбек өткөн күздөн бери Жапектин үйүндө дешет го? (К.Ж.) 9. Чекит драмалык чыгармалардагы ремаркадан (автордун толуктоочу сөзүнөн) кийин коюлат. Ремарка сүйлөмдүн өзгөчө бир түрү. Анын драмалык чыгармадагы милдети — пьесадагы окуя болуп өткөн айлана-чөйрөнү, катышуучулардын сценадагы жүрүш — турушун, кыймылын, ички сезимин ж.б. сүрөттөп көрсөтүү. Ремаркалык сүйлөмдөрдүн (автордун толуктоочу сөзүнүн) түзүлүшү ар турдүү: алар атама сүйлөм, этиштик сөз айкашы, чакчыл түрмөк жана эки тутумдуу сүйлөмдөрдөн болушу мүмкүн. Ремарка дайыма кашаанын ичине алынып жазылат. а) Сүйлөй турган кишинин атынан кийин удаа эле ремарка (автордун толуктоочу сөзү) келсе, ремарка кичине тамга менен башталып жазылып, кашаанын ичине алынат. Мындай учурда сүйлөп жаткан кишинин аты менен ремарка синтаксистик бир бүтүндүктү түзөт. Ошондуктан коюлуучу чекит да ал экөөнө жалпы таандык болуп, жабылган кашаанын сыртына коюлат: Бекмырза (кайра чыгып). Эмне кыйкырасың? Бирдеме болдубу? Сапарбай (кубана). Жок! Акчаңды албай чыкпа, мен ушул жерде күтүп турам. (М.Тойб.) Чортон (Шапакка жанаша тизе бүгүп). Биз үчүн болбосо да, Дадый мырзанын урматы үчүн басып койгула. (Т.Абд.) б) Ремарка эки сүйлөмдүн ортосунда келсе, мурунку сүйлөмдүн аягына тиешелүү тыныш белгиси коюлат; ремарка баш тамга менен башталып, кашаанын ичине алынат да, андан кийин коюла турган чекит ошол ремаркага тиешелүү болгондуктан, ал (чекит) жабыла турган кашаанын ичине (алдына) коюлат; кийинки сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат; Өмүр. Эгер элдин колуна тийсек, алар бизди кескилеп өлтүрөт. (Үнүн көтөрө.) Муну мен беш-алты күндөн бери түшүнө баштадым. (К.Ж.) Жыпаргүл. Ооба, ал абдан коркунучтуу адам! (Алымбек күлөт.) Күлө бергин, Алымбек. Бирок мен анын ким экенин сага айтсам… (Т.Абд.) Текирен. Эркин, окуп жатканың кайсы китеп? (Эркиндин колүндагы китебин сууруп алып көрөт.) О, кокуйгүн, мен дагы бир кызыктуу китеп экен десем, география тура. (М.Тойб.) Дадый. Жап оозуңду! (Бектемирге.) Кана, Ашырбайды жашырып жүргөнүм калп деп көрчү эр болсоң?! (Т.Абд.) в) Ремарка бир сүйлөмдүн ичинде келсе, кичине тамга менен башталып, кашаанын ичине алынып жазылат, кашаанын ичине же тышына чекит коюлбайт; кашаа жабылгандан кийин, сүйлөмдүн экинчи бөлүгү кичине тамга менен башталып, улантылып жазылат: Рысбек. Булар (эки жакты карап далдайып) соо койбойт го. (Р.Шүкүрбеков) Жылдыз. Бул күкүктүн үнү (бакка тез жетип) мага тааныш, Алмаз! (М.Тойб.) Дардаш. Кадимки (бармагын көрсөтүп) момундай жолдоштордон, тааныш, сырдаштардан болуп жүрөлү. (М.Тойб.) г) Ремарка сүйлөп жаткан кишинин аяктап бүткөн сөзүнөн кийин келсе, кашаанын ичине алынып, баш тамга менен башталып жазылат, чекит ремаркага тиешелүү болгондуктан, ал ремарканын аягына, жабылган кашаанын ичине коюлат: Байболот. Мен силерди билемин… Мен силерге ишене албайм!.. (Түкүрүнүп чыгып кетет.) (К.М.) Жайкабаев. Келиңиз. сулуу карындаш. (Салпаковго кет дегендей көз кысат.) (Б.Сагымбеков) Сапарбай. Сендей ударник студентке ошо да кеппи?! (Көзүн ымдайт.) (М.Тойб.) 10. Катар номерлерди көрсөтүүчү сандардан кийин чекит коюлат: Ал тамагын жасап алды да, кол көтөрүүгө укуксуздардын тизмесин окуй баштады: 1) Шоорук Баатыр уулу; 2) Бердибай Тынымсейит уулу; 3) Барпы молдо; 4) Кийизбай Кебекбай уулу… (Т.С.) Эгерде катар номерди көрсөткөн сандар жарым кашаага алынса, алардан кийин чекит коюлбайт: Төрагалыкка ушулар ылайык дешип, ар кимдер тарабынан көрсөтүлүп, тизмеге аттары түшкөн булар болушту: 1) Саадат Зарпек уулу; 2) Бүбүш Канимет келини; 3) Сапарбай Саякбай уулу; (Т.С.) 11. Цифра же тамга менен номерленип, саналып айтылган пункттардын ар бири толук маанини билдирген жайылыңкы сүйлөмдөрдүн болсо, аягына чекит коюлат; саналып айтылган ар бир сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат (мындай сүйлөмдөрдүн аягына үтүрлүү чекиттин коюлушу жөнүңдө 87-88 беттерди караңыз). Мисалы: Республиканын тоолуу райондорун өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй чаралар белгиленсин: 1) Эл аралык тоо институту менен Кыргызстандын Эл аралык университетинин курамында Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн Улуттук борбору түзүлсүн. 2) Улуттук борборго Эл аралык тоо жылына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо милдети тапшырылсын. 3) Улуттук борбордун төрагасы бир айлык мөөнөттө Улуттук борбор жөнүңдө жобону иштеп чыксын.