СЫДЫКОВ Абдыкерим

СЫДЫКОВ Абдыкерим (1889–1938) – саясий ишмер; тарыхчы жана экономист, бир катар илимий эмгектердин автору:  «Кыргыз элинин өнүгүү тарыхынын кыскача очерки» (1925), «Кыргыздардын урууларга бөлүнүшү» (1927),  «Отуздардын билдирүүсү» (1925) ж. б. Кыргыз элинин социалдык жашоосу, көп кылымдардан бери салт болуп калган  уруулук бөлүнүүчүлүгү жөнүндө С-дун илимий эмгектери негизинен аны республиканын саясий турмуштан четтетип  койгондон кийин жазылган. Бул эмгектер кыргыз тарыхын тактоодо көп маалыматтарды берет. 20-ж. орто ченинде  Кыргызстандагы компартиянын жүргүзгөн саясатына карата официалдуу оппозициядагылардын программалык  документи катары С. уюштурган жана негизги автору болгон «Отуздардын билдирүүсүндө» жаңыдан күч алып келе  жаткан совет бийлигинин жергиликтүү органдарынын ишмердигине партиялык органдардын обу жок, мыйзамсыз  кийлигишүүсүн айыптап, бул багыттын жакшылыкка алып келбесин белгилеп, ушундай катачылыктарды жоюунун  жолдорун сунуш кылган. С. алдын-ала эскертип, сезгендей эле, убакыттын өтүшү менен Компартия бүткүл бийликти өз  колуна алып, СССРдин жана социализмдин кулашынын негизги себептеринен болуп калды. 1917-ж. жайында С.  Пишпекте «Алаш» партиясынын бөлүмүн түзгөн, бирок ал 1918-ж. «кызыл террордун» шарданы менен таркатылган.  1921–22-ж. С. Жети-Суу облаткомдун төрагасы кезинде Абдрахманов Жусуп менен таанышып, кийин анын саясий  насаатчысы болуп калган. 1922-ж. 1-июнда С. жана анын шакирттери тарабынан Кыргыз Тоолуу областынын түзүлүшү –  кыргыз мамлекетүүлүгүнүн өнүгүүсүндөгү негизги этаптарынан болгон. Өзүнүн чыныгы патриоттук ишмердиги үчүн С.  төрт жолу партиядан чыгарылган. Анын артынан уюштурулган аңдуулардын жана куугунтуктоолордун натыйжасында  1938-ж. 18-февралда «контрреволюциячыл уюмду түзгөндүгү үчүн» деген жалган айып менен атууга кеткен. 1958-ж. 28-  июлда акталган.