Тыныш белгилерин коюу принциптери

Орус тилинин пунктуациясынын тарыхы жөнүндө кабар проф. А.Б.Шапиронун «Основы русской пунктуации» деген китебинде берилген. Ал эмгекте берилген маалыматтар боюнча, орус тилинин азыркы убакта колдонулуп жүргөн пунктуация системасынын негизги белгилери орус адабий тилинин негизинин түзүлүп бүткөн мезгилине, б.а. XVIII кылымдын баш ченине туура келет. Ошол кездеги бир катар илимий эмгектерде тыныш белгилеринин колдонулуш принциптери жөнүндө ар түрдүү пикирлер айтылып келген. Ал пикирлер, негизинен, үч түрдүү принциптин: логикалык, грамматикалык жана интонациялык принциптердин айланасында болуп келген. Тактап айтканда, айрым окумуштуулар тыныш белгилерин коюуда көбүнчө сүйлөмдүн маанисине көңүл буруу керек десе, кээ бирөөлөр сүйлөмдүн синтаксистик (грамматикалык) курулушун эске алуу керек деген; үчүнчү бирөөлөрү интонацияга негизделиш керек дешкен. Алсак, орус элинин улуу окумуштуусу М.В.Ломоносов тыныш белгилери негизинен сүйлөмдө айтылган ой-пикирдин маанисине карата коюларын белгилеген. А.Х.Востоков тыныш белгилерин туура коюу үчүн сүйлөмдүн синтаксистик курулушун, сүйлөм бөлүктөрүнүн ортосундагы маанилик катышты так ажырата билүү керек жана сөздөгү тыным, ар түрдүү интонацияга да тиешелүү көңүл буруу зарыл деп эсептейт. Демек, ал тыныш белгилерин колдонууда бир гана принципти эмес, өз ара байланыштагы бир нече принципти негиз кылып алган. Ф.И.Буслаев: тил аркылуу сүйлөөчү киши башка бирөөгө өз оюн жана ар түрдүү сезимин билдирет, ошол себептүү тыныш белгилери да эки түрдүү милдетти аткарат: 1) бир сүйлөмдү экинчи сүйлөмдөн же анын бир бөлүгүн экинчи бөлүгүнөн ажыратып, айтылып жаткан ойго ачык түшүнүүгө жардам берет; 2) сүйлөөчү жактын ар түрдүү сезимин жана анын угуучуга болгон мамилесин билдирет. Булардын ичинен биринчи милдетти үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит жана чекит аткарат; экинчи милдетти илеп белгиси, суроо белгиси, көп чекит жана сызыкча аткарат. Булардан тышкары, ойду ачык жана орундуу туюндуруу үчүн жазуу речинде кашаа жана тырмакча да колдонулат дейт. Демек, Ф.И.Буслаев тыныш белгилери айтылуучу ойдун маанисине жана интонацияга карата коюла тургандыгын көрсөткөн. Проф. Я.К.Грот: «Тыныш белгилерин коюу синтаксис менен, б.а. сүйлөм жөнүндөгү окуу менен тыгыз байланыштуу…»8 дейт. Ал сүйлөм ичинде коюлуучу тыныш белгилери жөнүңдөгү эрежени сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна жана анын составдык бөлүктөрүнүн ортосундагы маанилик катышка негизделип түзөт. Сүйлөм аягына коюлуучу чекит, суроо, илеп белгилеринин эрежеси үчүн гана тынымды жана интонацияны негиз кылып алат. Я.К.Гроттун тыныш белгилери боюнча түзгөн эрежеси сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна негизделип түзүлгөндүктөн, колдонууга ылайыктуу келип, өз учурунда окуу жана басма иштеринде кеңири колдонулган. Анын эрежесинин негизги жоболору орус тилинде ушул мезгилге чейин колдонулуп келатат. А.М. Пешковский тыныш белгилери сүйлөмдүн синтаксистик курулушуна негизделип коюлат дегөн жогорку пикирге каршы туруп, тыныш белгилери көпчүлүк учурда тилдеги ритмомелодияны (ар түрдүү интонацияны) белгилөө үчүн кызмат кылат деп, интонациялык принципти биринчи орунга койгон. Үтүр белгиси гана интонация менен грамматикага негизделип коюлат деген. Л.В.Щерба тыныш белгилери тилдеги фразалык интонацияны белгилөө үчүн колдонулат, дейт. Бирок бул пикирин акыр аягына чейин колдобой, тилдеги пунктуациялык эрежелер интонацияга гана негизделбестен, тексттин маанисине жана анын грамматикалык түзүлүшүнө да негизделет деп, жалпысынан туура жыйынтыкка келген. Ушинтип, буга чейин сөз болгон тилчи-окумуштуулар пунктуациянын негизги маселелерин чечүүдө көпчүлүк учурда айтылуучу ойдун мааниси менен грамматиканы жана интонацияны өз ара байланыштуу карашкан эмес. Айрымдары тыныш белгилерин колдонууда ой пикирдин маанисин негиз кылып алышса, кээ бири интонацияга таянышкан; үчүнчү бирөөлөр тыныш белгилерин коюуда сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүн жана анын мааниси менен интонацияны да эске алуу керек деп эсептешкен (мис., Я.К.Грот). Совет мезгилиндеги орус тилчилеринин басымдуу көпчүлүгү пунктуациянын негизи катары айтылуучу ойдун маанисин, грамматикалык жана интонациялык принциптерди айрым-айрым карабастан, өз ара тыгыз байланышта карашат. Мисалы: проф.С.И.Абакумов интонациялык принципти сынга алып, тыныш белгилерин коюуда айтылуучу ойдун маанисине таянуу зарыл, ушуну менен бирге анын синтаксистик түзүлүшүн эске алуу керек жана интонацияга да тиешелүү көңүл буруу керек, — деген жыйынтыкка келет. Проф. А.Б.Шапиро да «Основы русской пунктуации» (1955) деген монографиясында тыныш белгилерин колдонуу оозеки сөздөгү интонация (ритмо-мелодия) менен, сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшү менен жана айтылуучу ой-пикирдин мааниси менен тыгыз байланыштуу экендигин өтө бай тилдик материалдардын негизинде кеңири далилдеп көрсөткөн. Проф. А.В. Текучев азыркы орус тилинин пунктуациясы бир эле принциптен түзүлбөстөн, грамматикалык, маанилик жана интонациялык принциптердин негизинде түзүлөт. Бул принциптер өз ара тыгыз байланышта колдонулат, деп, пунктуациянын негизин туура көрсөткөн. Ушинтип, орус тил илиминде пунктуациянын негизги үч принциби (логикалык (маанилик), грамматикалык, интонациялык) тууралуу ар түрлүү жүйөлүү пикирлер айтылып келген. Акыры тилчи-окумуштуулар тыныш белгилерин туура колдонуу үчүн бул үч принциптин бирөөнү же экөөнү негиз кылып алууга болбой тургандыгын далилдешип, жазууда тыныш белгилерин туура коюш үчүн үч принципти тең: сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүн, айтылуучу ойдун маанисин жана интонацияны өз ара тыгыз байланышта кароо керек деген бирден-бир туура жыйынтыкка келишкен. Кыргыз тилинин тыныш белгилеринин эрежелерин иштеп чыгууда жана анын принциптерин аныктоодо орус тилинде тыныш белгилерин колдонуунун жогорку принциптери жана теориялык жоболору үлгү катарында, илимий негиз катарында пайдаланылгандыгын танууга болбойт.

Азыркы кыргыз тилинин тыныш белгилерин колдонуу эрежеси да бири-бири менен өз ара тыгыз байланышкан үч принципке: грамматикалык принципке, айтылуучу ойдун маанисине жана интонациялык принципке негизделген. Чындыгында да, бир катар тыныш белгилери: чекит, суроо, илеп, көп чекит, кашаа ж.б., негизинен, айтылуучу ойдун маанисине карата коюлат. Бирок буга карап эле тилдеги бардык тыныш белгилери сүйлөмдүн маанисине карай коюлат деп, семантикалык (маанилик) принципти ашыра баалоого болбойт. Тилибиздеги көпчүлүк тыныш белгилеринин коюлушу: бир өңчөй мүчөлөрдө, каратма сөз, киринди сөз, сырдык сөздөрдө, обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдө, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына жана ээ менен баяндоочтун арасына ж.б. тыныш белгилерин коюу грамматикалык (синтаксистик) принципке негизделет. Бирок мындан бүткүл тыныш белгилери грамматикага, сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүнө негизделип коюлат экен деген жыйынтыкка келе калууга да болбойт. Анткени, жогоруда белгиленгендей, бир катар тыныш белгилеринин коюлушу айтылуучу ойдун маанисине, аз да болсо, интонацияга байланыштуу. Ошондуктан кийинки методикалык колдонмолордо бул үч принцип: сүйлөмдүн грамматикалык түзүлүшү, айтылуучу ойдун мааниси жана интонация бири-бири менен өз ара тыгыз байланышта каралат. Бул принциптердин ичинен эң негизгиси грамматикалык жана маанилик (семантикалык, логикалык) принцип болуп эсептелет, анткени пунктуациялык эрежелердин басымдуу бөлүгү ушул эки принципке негизделген. Мисалы, байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн курамдык бөлүктөрүнүн арасына тийиштүү тыныш белгилерин коюш үчүн, биринчиден, алардын грамматикалык түзүлүшүн аныкташ керек. Тактап айтканда, ал канча жөнөкөй сүйлөмдөн уюшулгандыгын так ажыратып алуу керек. Экинчи жагынан, ал татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара маани жагынан болгон байланышына көңүл буруу керек, себеби андай жөнөкөй сүйлөмдөрдүн маани жагынан болгон байланыш өзгөчөлүктөрүнө карай алардын арасына үтүр, же үтүрлүү чекит, же сызыкча, же кош чекит коюлат. Мисалы: 1) Эгерде байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр маани жагынан өз ара тыгыз байланышта болушса, ал жөнөкөй сүйлөмдөрдүн арасына үтүр коюлат: Эненин назик жүрөгү тыз этти, муундары калчылдап кетти. (Т.С.) Айша кетти, Жапар менен Жамийла үйдө калышты. (К.Б.) 2) Эгер тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн биринчиси жалпы мааниде айтылып, экинчиси анын маанисин чечмелеп, толуктап, тактап турса, биринчи жөнөкөй сүйлөмдөн кийин кош чекит коюлат: Азыр сенден өтүнүчүм бар: төрүмдөгү меймандар жөнүндө кымындай шек чыгара көрбө. (К.О.) Кете береринде байкалды: Султандын такымына кыскан мылтыгы бар экен. (Т.С.) Ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкчанын коюлушу да грамматикалык принципке негизделет. Мында эң мурун сүйлөмдүн баяндоочун таап, анын милдетин кайсы сөз түркүмү аткарып турганын ажыратуу керек. Эгерде баяндоочтун милдетин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же кыймыл атоочтор аткарса, анда ээ менен баяндоочтун тобунун ортосуна (ээнин тобу менен баяндоочтун тобунун арасына) сызыкча коюлат: Акыл айтуучусу — Бекназар баатыр. (Т.К.) Ар бир адамдын ыйык милдети — Ата Мекенди коргоо. Ушул сыяктуу эле каратма сөз, киринди сөздөрдүн, обочолонгон түшүндүрмө мүчөлөрдүн, бир өңчөй мүчөлөрдүн ж.б. жазылыш эрежелери да, негизинен, грамматикалык принципке негизделет. Кээ бир тыныш белгилеринин коюлушу айтылуучу ойдун маанисине байланыштуу болот. Мисалы, чекит белгиси белгилүү бир ойду толук туюндуруп, жайынча айтылган сүйлөмдүн аягына коюлат, демек чекит белгисин туура коюу үчүн, ал сөз тизмеги маани жагынан толук бүткөн ойду жайынча түшүндүрүп турабы же жокпу, ошол жагына көңүл буруу керек. Эгерде бүткөн ойду билдирген сүйлөмдө суроо мааниси болсо, андай сүйлөмдөрдүн аягына суроо белгиси коюлат, б.а. суроо белгиси да айтылуучу ойдун маанисине карай коюлат. Ошондой эле илеп белгиси, көп чекит, кашаа ж.б. белгилери да, негизинен, айтылуучу ойдун маанисине карай коюлат. Ушинтип, тыныш белгилерин коюу, негизинен, грамматикалык принципке жана айтылуучу ойдун маанисине байланыштуу болот. Ошондуктан мектептерде тыныш белгилерин окутуу синтаксисти окутууга негизделип, окуучулардан тилдин синтаксистик курулушун терең, толук өздөштүрүүнү талап кылуу керек. Кыскасы, тыныш белгилерин туура коюу үчүн: Сүйлөмдөрдүн синтаксистик курулушун так ажырата билүү керек синтаксисти жакшы билүү керек. Сүйлөмдөрдүн маанисин терең, туура талдай билүү керек, себеби чекит, суроо, илеп белгиси, татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдүн арасына коюлуучу үтүр, үтүрлүү чекит, сызыкча, кош чекит ж.б. ал сүйлөмдөрдүн маанисине негизделип коюлат. Тыныш белгилеринин коюлуш эрежесин так билип, аны практикалык иште туура колдоно билүү керек. Интонация менен тыныш белгилери белгилүү бир учурда бирдей эле маанилик катышты билдирип, бири-бирине туура келип калган учурлар да болгондуктан, жазуу ишинде оозеки сөздөгү тыным, интонацияга да тиешелүү көңүл бурууга туура келет. Бирок оозеки сөздөгү интонацияга тыныш белгилеринин туура келиши анчалык көп учурабайт. Көпчүлүк учурда алар бири-бирине дал келишпейт: көп сандаган интонация, тынымдар жазууда тыныш белгилери менен белгиленбей кала берет; тескерисинче, оозеки сүйлөөдө тыным болбогон жерге жазууда тыныш белгиси коюлуп калат (16-17-6. кара). Ошол себептүү интонация тыныш белгилерин коюуда негизги принцип боло албайт; ал грамматикалык жана маанилик принциптердин жардамчы гана каражаты болуп эсептелет. Азыркы кыргыз тилинде колдонулуп жүргөн тыныш белгилерине чекит, суроо, илеп белгиси, көп чекит, үтүр, үтүрлүү чекит, кош чекит, сызыкча, кашаа, тырмакча кирет. Бул тыныш белгилери сүйлөмдө колдонулган ордуна карай эки топко бөлүнөт: сүйлөм аягында коюлуучу тыныш белгилери, сүйлөм ичинде коюлуучу тыныш белгилери.

Аскар Турсунов
КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТЫНЫШ БЕЛГИЛЕРИ
Бишкек, КТМУ, 2002