«ШУРА-И ИСЛАМ»

«ШУРА-И ИСЛАМ» (ар. «Ислам кеңеши») – 1917–18-ж. Түркстандагы диний-саясий уюм. 1917-ж. мартта Ташкенде түзүлгөн. Ага улуттук буржуазия, улутчул интеллигенция, мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген. «Ш.-и И.» убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин өкүлү болуп, жергиликтүү капиталисттердин ж-а жер ээлеринин кызыкчылыгын көздөп, Россиянын курамында Түркстан улуттукмусулман автономиясын түзүү ж-а менчик үчүн күрөшкөн. Анын бөлүмдөрү Түркстандын бардык шаарларында иш жүргүзгөн. «Ш.-и И-да» жадиддер ж-а уламачылар (дин кызматкерлери) өз ара бийлик үчүн күрөшкөн. 1917-ж. июнда уламачылар «Ш.-и И-дан» чыгып, «Шура-и-Улама» («Аалымдар кеңеши») уюмун түзгөн. Октябрь революциясынан кийин «Кокон автономиясын» жарыялашат. Бул уюмдар (мусулмандардын коомдук-саясий, маданий реформаторлору) 1918-ж. февралда «Кокон автономиясы» талкалангандан кийин бул эки уюм тең жоюлуп, анын мүчөлөрү басмачылык кыймылга кошулуп кетишкен.