«АЖАР» Касымалы Баялинов

     Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу- түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот.

Китепти көчүрүү