АКАДЕМИК В.В.БАРТОЛЬД

Василий Владимирович Бартольд 1869-ж. 3(15)-ноябрда Санкт-Петербургда орусташкан немистин үй-бүлөсүндө төрөлгөн; чоң аталары Балтика боюнан чыккан, чоң таятасы лютеран пастору Россияга Гамбургдан көчүп келген. В.В.Бартольддун атасы биржа маклери болгон. В. В. Бартольд өзүнүн «Өмүр баянында»2 атасынын тапкан-ташыганы кийин уулдарына сакталбай калганын, 1917-жылы Улуу Октябрь революциясынан кийин «атасынын балдарынын бири да эмигрант болуп кетпегенин» белгилейт. Бирок балалык жана өспүрүм жылдары үй-бүлөдөгү жетиштүү турмуш В. В. Бартольдго ар тараптуу гуманитардык билим алууга, асыресе байыркы классикалык жана батыш Европалык негизги тилдерди жакшы үйрөнүүгө, андан соң өзү мектепте окуп жүргөндө эле кумарланткан адистикти—тарыхчылыкты тандоого мүмкүндүк берген. 1887-ж. В. В. Бартольд 8-Санкт-Петербург гимназиясын алтын медаль менен бүтүрөт.

 

Рефератты көчүрүү