АКОЛПОК

АКОЛПОК — кыргыз элинин эпикалык чыгармаларында кездешүүчү негизги жоокердик кийим. Ар бир эпикалык баатырдын чалгынга чыкканда жекеме-жеке беттешүүдө, кан майдан, кыргын согушка кийип жүрүүчү, коргонуучу кийим. А. эпосто ок өтпөгөн, найза тешпеген, кылыч кеспеген эң чыдамдуу жана касиеттүү, көркөм, азем-сый буюм катары сүрөттөлөт:

Жакасы алтын жеңи жез,

Жез бадана торгой көз,

Кош бадана торгой көз,

Келеме жака кең күрмө

Керишке кийсе ок өтпөс,

Найзанын учу тешпеген

Нар кескен огу кеспеген… (Саякбай Каралаев, 2. 59). Аны Манаска окшогон баатырдын баатыры, эл башкаруучулар атак-даңк, сөөлөт үчүн да кийишкен. Алар ат жабдыктары өтө кооз күлүктөргө минишип, эл баштап, топ жарып, эл астында, көч астында өзгөчөлөнүп жүрүшкөн. А. жибек же башка кездемелер менен ичинен ичтелип, сыртынан кийизди жана кайышты кабатташтырып жөрмөп тигилген. Анын чыдамкайлыгын жана көрктүүлүгүн арттыруу үчүн бир канча кабатташтырылган кийиз менен кайышты беттештирип, кайра-кайра шырып жасашкан. Бет келген душманга сүрдүү көрүнүш үчүн А-тун сырткы беттерине жырткыч айбанаттардын (ажыдаар, жылан, арстан, жолборстун) ар түрдүү көрүнүштөгү сөлөкөтүн түшүрүп тигилгендиги эпосто көп жолу кайталанат:

Астыңдан душман кез келсе,

Жүрөгү чыгып кетсин деп,

Ак олпоктун сыртына,

Кара чаар жыландын

Бедерин салып койгомун.

Контексттеги маалыматтар байыркы скифтердин, сактардын доорлорундагы (б. з. ч. 6—2-к.) кийимдерге жырткычтардын сөлөкөтүн түшүрүп кооздук берүү салтынын түрк элдеринин доорунда да (биздин замандын 6—10-кылымында) сакталгандыгын көрөбүз. Бул жерде айтылган айбанаттардын кийимге тигилип түшүрүлүшүндө, баатырды ар кандай кокустуктан, өлүмдөн сактап калуучу «тотеминин» чагылдырылып берилиши да толук ыктымал. Олпоктун кабаттарынын арасына темирдин, албарстын майда өгөндүсүн же майда кумдун кошулгандыгы төмөнкүчө түшүндүрөт. Бул материалдар куюлушуп бир жерден экинчи жерге тез жылууга жөндөмдүү болгондуктан, аларды олпокту бышыктоо үчүн эмес, анын сырткы бетине, өзгөчө түр берүүдө, оюм-чийимди же айбанаттын көрүнүшүн элестүү кылып түшүрүүдө атайы колдонулган. Мындай ыкма эл ичинде илгертен белгилүү, бирок эпосто башка мааниде берилип калган.

Анткени, кумду же таарындыны кабатталган кайыштын арасынан ары бери оңой эле шилеп жылдырып, каалагандай формага келтирүүгө болот. Ушундан кийин аны куюлтуп төгүп салып талаптагы форма көркөмдөлүп, жөрмөлүп тигилген же атайын кымбат заттан жасалган кооздуктар кадалып коюлган. Ал эми олпоктун өңүрүнүн, этегинин, жакасынын, жеңинин кырларын чыгаруу үчүн кебезден же жүндөн атайын келептелинип алынган эшинди жип пайдаланылган. Аны тышкы кайыштын керектүү каттоосуна салып, анын эки жагынан тиш менен тиштелип так салынган. Кайышка ушинтип «так» салып тигүү кийимдин керектүү көрүнүшүн сымбаттуу жана түз болушун арттырган, ошондой эле оюм-чийим түшүрүүдө атайын колдонулган. Бул ыкманы элдик чеберлер ушул убакка чейин кайыш иштетүүдө колдонуп келүүдө. Уздардын чебер колдорунан жаралган. А. атчан жоокердин кыймыл аракетине ылайыкташтырылып чолок этек, кыска жең, тик жака болуп, алды-арты туюк жасалып, эки капталы ачык болгондуктан кийип, чечүүдө атайын бүчүлөр менен бүчүлөнгөн. Ушул себептүү баатырлар беттешкенде каршысына карата: «Өпкө боору тушу деп, Өлөөр жери ушу деп», олпоктун ошо бүчүлөнгөн ачык жерине карата мээлешип сайышышат. Согуштук беттешүүлөрдө А-ко кошуп, атайын чарайна, чопкут, карыпчы, белдемчини тартынышып, кандагай, көкжеке, туулга жана башкалар жоокердик кийимдер да кошо кийилет. Алардын ар биринин өз алдынча тигилүү ыкмасы, эмнеден жасала тургандыгы жана пайдалануучу өз орду, керектелүүчү максаты болот. «Олпок» деген аталыш дагы, тигил кийимдин алды арты өзүнчө болуп, бүчүлөр менен бириктирилгендиги үчүн болуу керек. Эпикалык баатырлардын «олпоктун бир этегин жамынып, бир этегин төшөнүп», — деген даректерине караганда ал экиге бөлүнөт. Демек, кыргыз тилинде «олпок» деген сөздүн «төшөк» деген маанисинде сакталып калгандыгы да кокусунан эмес. Ал эми «ак» деген термин жалпы эле түрк тилиндеги элдерде түстү гана эмес, ыйык, касиеттүү, сыйкырдуу деген маанилерди да билдирет, к. Ак.

К. Айдаркулов