АКЫР-ТАШ

АКЫР-ТАШ — Манас жана Семетейдин ысымдарына байланышкан ошондой кылымдагы эстелик. Казак ССРинин Жамбыл областында. Жамбыл шаарынын 35—40 км чыгышында Фрунзе — Жамбыл темир жолундагы Ак-Чолок станциясынан 5 км алыстыкта.

Уламышта А.-Т-ты Манас уулу Семетей экөө салган делет. Семетей тоодон таш ыргытып, атасы аларды тосуп алып, жылмалап тизе берген. Имарат курулуп бүткөндөн кийин Манас менен Семетей чогуу турушкан. Атасынын көзү өткөндөн кийин Семетей Таластын ар жагындагы Олуя-Атадан 25 км алыстыктагы Манас мазарына барып жашаган. Ошол жерден көчмөндөр кол салып Семетейди өлтүрүшкөн.

1893—94-ж. академик В. В. Бартольд кыргыздардан жазып алган дагы бир уламышта Талас дарыясынан бул жакка суу өткөрүшмөк болушкан. Себеби, бул жер илгертен эле суусуз какыраган талаа экен. Ошол жылдары А.-Т.ты В. В. Бартольд карап чыкканда бул жерде суу болгон эмес, бирок кургап калган сайдын нугун көргөн. Качандыр бир убакта чоң суу акканын жана анын бир нече куймасы болгонун байкаган. А.-Т-тын урандыларын 1221-ж. кытай саякатчысы Чан-Чун көргөн. Өткөн кылымдын аяк ченинде бул жерден оймо-чиймелүү таштарды табышкан. А.-Т-ты 1867-ж. П. И. Лерх, 1884-ж. Д. Л. Иванов, 1940-ж. Г. И. Пацевичтер изилдешкен.

Бул тарыхый эстелик өз убагында толук салынып бүтпөй калган. Тик бурчтук түрүндө туурасы 1 м болгон таш кесиндилеринен төгөрөктүн төрт бурчун көздөй багытталып салынган. Дубалдарынын калыңдыгы 2—4 м. Курулуш түндүктөн түштүктү көздөй 205 м, ал эми батыштан чыгышка кеткен жагы 185 м. негизги эшиги түндүк тарабында, калган үчөө түштүгүндө. Ички короосу чоң тирөөчтөр (колоннадалар) менен курчалган; алардын бир дубалынын жанында сүйрүсүнөн келген эки көлмө (хауз) жайгаштырылган. Имаратта түзүлүшү жана көлөмү түрдүү көп бөлмөлөрү болгон.

А.-Т-тын архитектуралык планы Ат-Башы кыштагынан алыс эмес жердеги ошондой кылымда курулган Таш-Рабат тарыхый эстелигине окшош жана аларды атасы менен баласы салганы жөнүндөгү уламыштар да үндөшүп турат.

Д. Ф. Винник, А. Б. Жаманкараев