АЛКЫШ КАТЫ

Алкыш каты – коммерциялык эмес кызмат катынын бир түрү. Ал аткарылган
жумуш же кызматташтыгы үчүн (уюмга, кызмат адамына, жарандарга) ыраазычылык билдирүү, рахмат айтуу максатында жазылган кызмат каты болуп саналат. Алкыш каты ишкананын фирмалык бланкына же атайын даярдалган кагаздарга жазылат.
Анын атайы бир формасы болбойт. Каалоо боюнча чын көңүлдөн же чакыруу,
куттуктоо каттарына жооп катары жазылышы мүмкүн.
Маалым даректери:
Алкыш каты жөнөтүлгөн мекеменин аталышы же жеке адамдын аты-жөнү;
Каттын тексти;
Жөнөткөн мекеменин аталышы, жетекчисинин аты-жөнү, колу;
Жөнөтүлгөн күн, ай, жыл;

 

ҮЛГҮ:

 

Ак-Өргө конушундагы мектептин ачылыш аземине келип катышып
кетүүгө жооп катары жазылган алкыш каты

Урматтуу Белек Аскарович!
Мектептин ачылыш салтанатына чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Жаңы курулган мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын келечеги үчүн татыктуу кызмат өтөйт деп ишенемин.

№ 72 орто мектептин директору А. Жумаев