МААЛЫМ КАТ

Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу
мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси, кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку органдардын талабы же көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө, иш сапары же кайсы бир окуя боюнча жалпыланган натыйжалар боюнча маалымат берилет. Экинчиси – кызыкдар жарандар менен мекемелерге берилген, кандайдыр бир укуктук фактыны тастыктоочу (адамдардын иштеген, жашаган жери, окуусу, алган айлыгы, ээлеген кызматы ж.б. ар түрдүү абалын тастыктоочу) маалым каттар.
Маалым кат кол менен жазылып же атайын стандарт бланкта толтурулушу мүмкүн. Жетекчинин атынан жеке кишиге же жеке кишинин атынан жетекчиге берилиши мүмкүн.

 

ҮЛГҮ:

 

№ 37 МААЛЫМ КАТ

«Шоро» фирмасы
Бишкек шаары
Осмонкул көчөсү, 344а
Телефон:
Факс:
2010-жылдын 15-майы

Бул маалым кат Медербеков Эсенбек Медербековичке, анын «Шоро»
фирмасында инженер-техник болуп эмгектенип, айлык акысы 13 000 (он үч миң) сом экендигин аныктоо үчүн берилет.
Маалым кат Жайыл райондук социалдык коргоо бөлүмүнө көрсөтүү үчүн
берилди.

Директор Жаманкулов А.
Бухгалтер Исакулова Б.