АЛЫМКУЛ ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Алымкул  (1896, Талас  өрөөнү –  1963, Бишкек)  –  төкмө  акын, кыргыз оозеки поэзиясынын көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Ал 11–12 жашында эле ыр чыгарып, комуз чертип, эл арасына тааныла баштаган. Анын алгачкы ырлары көбүнесе элдик жана  өзүнүн жеке турмуш абалына, махабат темасына арнап чыгарган ырлары болгон. Токтогул менен жолугушуусу ырчылык турмушундагы бурулуш мезгил болгон. Жаш ырчыга Токтогул ээрчитип жүрүп  өнөрүн  үйрөтүп, чыгармачылык туура багыт берген. Улуу ырчы менен жолугушуу Алымкулдун бүтүндөй тагдыры  үчүн зор мааниге ээ болгон.

Ал кыргыз элинин эпикалык чыгармаларын эң жакшы билген. Анда «Олжобай менен Кишимжан», «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш» дастандары жазылып алган. Үсөнбаев чебер комузчу жана уккулуктуу үнү бар мыкты аткаруучу да болгон. Өзгөчө ал өзүнүн улуу устаты Токтогулдун обон-ырларын өтө мыкты аткарган. А. макалалар, Токтогул жөнүндө жазылган бир нече баалуу эскерме калтырган. Улуу ырчы Токтогулдун ырларын жыйнап бастырууда Ү. зор эмгек сиңирген. Ү-дин «Ырлар» (1938), «Ырлар жана поэмалар» (1940), «Согушуп жаткан эрлерге» (1942), «Ырлар жыйнагы» (1947), «Комуз» (1949), «Улуу дос» (1950), «Тынчтык жана эмгек тууралуу ырлар» (1955), «Тоо булбулу» (1956), «Биринчи бригада» (1957), «Тандалган чыгармалар жыйнагы» (1960) ж. б. болуп отуздай китеби жарык көргөн. Бир нече ыр китеби орус тилине которулган. Ал туулган айылга фольклордук-этнографиялык музейи түзүлгөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана

медалдары менен сыйланган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ