УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВ

АМБЕТАЛИЕВ Уркаш (1934-ж. т., Түп р-ну) – акын жана  манасчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Бишкектеги М. Күрөңкөев атн. муз.-хореографиялык окуу жайын бүткөн. Акындын «Манас” айтуу  өнөрүнө  чейин анын поэзия чебери катары изденүүсү  жөнүндө  айта кетүү  орундуу. Студияда окуп жүргөн кезинде азын-оолак ырларды жазып,  өзү  теңдүүлөрдүн арасында белгилүү  болгон. Ошону менен катар «Жоодарбешим”, «Сейитбек”  өңдүү  элдик чыгармаларды  өздөштүргөн.

Кийин «Манастан”  үзүндүлөрдү  С. Орозбаковдун варианты боюнча  жаттап айтып жүргөн. Акындын бүгүнкү  күндө 6–7 ырлар жыйнагы жарык көргөн. Мис. , «Көктөм” (1968), «Ашуу” (1979), «Алтын аяк” (1982), «Таазим” (1985), «Арча жыты” (1994) ж. б. Экинчи бир атайын сөз кылууга арзырлык чыгармачылыгы бул – «Манас” айтуу өнөрү. Адегенде жаттап, бир-эки эпизоддон айта жүрсө, кийинчерээк эпостун  үчилтигин айтууга далалаттанган. Көбүнчө  классик айтуучу, жаратуучулар С. Орозбаковдун, С. Каралаевдин варианттарын пайдаланып жаттап айткан. Убакыт аралыгында аткаруучу  өз алдынча вариант жаратууга аракеттенген. Бул жазма китептик  үлгүдөн кайра оозеки адабий чөйрөгө кайрылуу болгон. Оозеки түрдө  өздүк варианттын айтуусу да оңунан чыккан. Натыйжада, чакан көлөмдө  өздүк  үнүн кошкон вариант жаралган. Буга өзү мурда жатка билген тексттери чоң өбөк болгон. Окуялардын өзөгүн сактоо, камтуу, мурдагы варианттардагы традициялуу бөлүктөрдүн сакталышы буга күбө. Дилинде «Манас” аткаруучу чоң манасчыларды туураган, ошолордун зор талантына баа бере билген. «Манасты” Манастын тилинде кандай болсо кабылдап кайра баяндоого үйрөнгөн.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ