АМАНАТ

1. кыргыздардын элдик же уруулук өкүлү, элчиси катары кандайдыр бир максат үчүн бир коңшулаш элде, урууда же мамлекетте, белгилүү бир мөөнөткө убактылуу кармалган киши. А-ка таасирдүү адамды, көбүнчө чоң манаптардын тукумунан, урук-туугандарынан тапшырылган. А. жасалгалуу ак боз өйдө жашагандыктан «ак үйлүү» деп коюшкан. Кыргыз эли орус падышачылыгына бириктирилгенден кийин А-ка киши калтыруу акырындык менен жоюлган
жана анын ордуна мыйзамдык-укуктук эрежелер киргизиле баштаган.

2. элдин акчасын сактык кассалары менен мамлекеттик жана коммерциялык банктарда сактоонун негизги түрү. Элдин А. акчанын айлануусунун күчөшүнө жардам берип, өндүрүш ж. б. башка пайда берүүчү муктаждыктарына керектелет. Сактык кассалары жана банктар жашырындуулукту камсыз кылууга, аманатчылардын биринчи талабы боюнча акчаны кайтарып берүүгө милдеттүү ж. б.
Сактык кассалардын жана мамлекеттик, коммерциялык, жеке банктардын ишмердиктери Кыргыз Республикасы бекиткен мыйзамдык-укуктук эрежелердин алкагында ишке ашырылат.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети